Подключиться
Бир жылга төлөгөн учурда 20% арзандатуу

Бир жылга төлөгөн учурда 20% арзандатуу

31.03.2023

Урматтуу абоненттер!

Сиздерде төмөнкү тарифтерде бир жылга бир төлөгөн учурда 20% арзандатууга ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар экенин кубануу менен билдиребиз:

  • «Saima күйгүз 60 + О!TV» 10 680 сомдун ордуна 8 500 сом;
  • «Saima күйгүз 100 + О! TV» 15 360 сомдун ордуна 12 200 сом;
  • «Saima күйгүз 60 мбит/сек» 10 200 сомдун ордуна 8 150 сом;
  • «Saima күйгүз 100 мбит/сек» 15 000 сомдун ордуна 12 000 сом.

Акциялык сунуштан пайдаланып калам десеңиз:
- өздүк эсебиңиздин балансын керектүү суммага толуктаңыз,
- Жеке кабинетке кирип, «Чексиз ТПны которууну» басыңыз,
- ЖЫЛ деген белгиси бар тарифтик планды тандап, кийинки айдын 1-числосунан баштап которууну ырастаңыз.

Жогорку ылдамдыктагы интернет менен эң популярдуу телеканалдарды пайдалуу баада алуу мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибербеңиз. Бул бүтүндөй үй-бүлөңүз үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу чечим.

Акцияга жаңы абоненттер гана эмес, Милянфан а., Ала-Тоо 3 жана «Ак-Ордо» конушунун тургундарынан сырткары, бардык абоненттер катыша алат. Александровка айылынын жашоочулары үчүн актуалдуу маалыматты Байланыш борборунан алууга болот.

КР МБТМК караштуу МБА № 03-292-КР. № 16-0019-КР, № 14-1103-КР, 14-1168-КР лицензиялары.


Оставьте заявку на подключение

Заявка на подключение

Бардык талаалар толтурулган эмес

Кызматты танда :
close icon