Интернеттин ылдамдыгын кантип көбөйтсө болот?
31.10.2023Операциялык системаны, драйверлерди жана тиркемелерди жаңылаңыз
Ырастоолорго кирип, операциялык система менен тиркемелер үчүн жыңылоолор бар экендигин текшериңиз. Стационардык компьютерде же ноутбукта эски драйверлердин жок экендигин сөзсүз текшерип чыгуу зарыл. Муну Driver Booster утилиттеринин жана башка ушуга окшош тиркемелердин жардамы менен аткарууга болот. Алар дароо эле түзүлүшкө орнотулган драйверлерди текшерип, аларды жаңылоону сунуштайт.
Ашыкча программаларды өчүрүңүз
Интернетти фондук режимде колдонгон тиркемелер бар. Компьютерден мындай тиркемелерди «Диспетчер задач» деген программанын жардамы менен аныктап чыгууга болот. «Производительность» — «Открыть монитор ресурсов» — «Сеть» дегенге өтүп, кайсы программалардын сиздин кабарыңыз жок интернетке туташып жатканын карап көрүңүз. Аларды өчүрүп салыңыз же мүмкүн болсо, интернетти колдонуусун чектеп коюңуз.
Мобилдик түзүлүштөн «Настройки», андан соң «Подключения» бөлүмүнө кирип, менюнун «Передача данных» пунктун текшериңиз.
Антивирус орнотуңуз
Зыяндуу программалык камсыздоо көп учурда интернет керектейт жана муну фондук режимде ишке ашырат. Системаны антивирустун жардамы менен текшерип, түзүлүшүңүзгө кереги жок программаларды өчүрүп салыңыз.
Жарнаманы бөгөттөгүч орнотуңуз
Жарнамалык максаттагы видеороликтер, анимацияланган баннерлер, калкыма терезелер да интернеттин иштөөсүн жайлатат. Бөгөттөгүч алардын ачылышына жол бербейт жана сизди тажатма жарнамалардан куткарат.
Браузердин керексиз кеңейтмелерин өчүрүңүз
Браузердин кеңейтмелеринин тизмесин текшериңиз. Кеңири жайылган тиркемелерден муну төмөнкүдөй аткарса болот:
Edge — менюну ачып, «Расширения» пунктуна кириңиз;
Chrome — менюну ачып, «Дополнительные инструменты» бөлүмүнө, андан кийин «Расширения» пунктуна кириңиз;
Яндекс.Браузер жана Firefox — менюну ачып, «Дополнения» бөлүмүн тандаңыз;
Opera — ылдыйкы сол бурчатагы үч чекитти басып, андан кийин «Расширения» пунктуна кириңиз.
Бул жерде веб-баракчалардын ачылышын жайлаткан же бөгөттөгөн плагиндер болушу мүмкүн. Колдонбогондорду өчүрүп салыңыз.
Ашыкча вкладкаларды жаап коюңуз
Көп сандагы ачык владкалар дагы интернеттин жай иштешине себеп болушу ыктымал. Бул, өзгөчө, мүнөздөмөлөрү анчалык күчтүү эмес түзүлүштөр үчүн абдан маанилүү. Эгер учурда сиз кайсы бир баракчаларды колдонбосоңуз, анда аларды жаап салыңыз.
Видеонун чечимдүүлүгүн азайтыңыз
Кээ бир онлайн-видеосервистер муну автоматтык түрдө атарышат. Маселен, YouTube видеону туруктуу көрсөтүү үчүн интернеттин ылдамдыгы жетишсиз болгон учурда, роликтин сапатын төмөндөтүп коёт. Бирок бардык эле сервистерде мындай функция боло бербейт. Ошондуктан, видео токтоп, жайлап же секирип жатса, чечимдүүлүгүн азайтып көрүңүз. Дааналыгы азаят, бирок туруктуу көрсөтүлөт.
Турборежимди колдонуңуз
Кээ бир браузерлер, айрыкча, мобилдик түзүлүштөр үчүн иштелип чыккандар, трафикти үнөмдөө режимин колдонуу мүмкүндүгүн камсыздашат. Мындай режимде жүктөөнүн ылдамдыгын көбөйтүш үчүн баракчалар кичирейтилет. Бирок мында веб-сайттын жасалгасынын бир бөлүгү жеткиликтүү болбой калышы ыктымал. Бул, биринчи кезекте, видеолор менен сүрөттөргө тиешелүү.
Эгер сиз Wi-Fi колдонсоңуз
Роутерди роутер менен ага кошулган түзүлүштүн ортосунда тоскоолдук аз болгондой кылып орнотуш керек. Оптималдуу жерди тажрыйба жолу менен гана аныктоого болот. Ошентсе да, батирдин борборуна жайгаштырган оң. Эгерде турак-жайыңыз кенен, дубалдары калың болсо, анда сигнал жетпеген зоналардан арылуу үчүн бир же бир нече Wi-Fi сигналын күчөткүч (репитерлер, ретрансляторлор) сатып алыңыз.
Роутерди өчүрүп, кайра күйгүзүңүз. Аны өчүрүңүз, бир нече секундадан кийин күйгүзүңүз да, жүктөлүп, иштеп баштагыча күтө туруңуз. Бул жардам бербесе, роутерди Reset баскычынын жардамы менен заводдук ырастоолоруна чейин нөлгө келтирип, кайра ырастаңыз.
Ошондой эле роутердин прошивкасын жаңылоо зарыл. Мунун кандайча аткарыла тургандыгы жөнүндө нускаманы роутериңиз үчүн тиркемеден же даярдоочу компаниянын сайтынан таба аласыз.
Роутердин ырастоолоруна кирип, 802.11ac заманбап стандартын активдештирүүгө боло тургандыгын текшерип көрүңүз. Мындан тышкары 802.11n стандартын да тандаса болот.
Балким, ылдамдыктын деңгээлин камтыбаган эски роутер колдонуп жаткандырсыз. Заманбап модель сатып алыңыз. Эки — 2,4 жана 5 ГГц диапазондорунда иштесе андан да жакшы.