Подключиться

Жаӊылыктар

Жаңы чексиз Тарифтик пландар!

Жаңы чексиз Тарифтик пландар!

Урматтуу Абоненттер, сиздерге жаңы шарттарда жана пайдалуу бааларда Интернетти чексиз колдонууга арналган Тарифтик пландардын жаңы топтомун сунуштайбыз!
Жаңы топтомго беш тарифтик план кирет: «Баарлашуу» ТП, «Геймер» ТП, «Эркиндик» ТП, «VIP Статус» ТП жана көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон «Түнкү Форсаж» ТП.
Жаңы тарифтик пландардын баары индивидуалдуу, алар мурункулардан кыйла айырмаланып турат, айрыкча тарифтик пландарда Интернетке туташуунун ылдамдыгы бир топ жогору.

• «Баарлашуу» Интернет-тарифи атайы социалдык тармактарда отурганды, жаңылыктарды окуганды, форумдардан пикир алышууну, скайп аркылуу достор менен сүйлөшүүнү жакшы көргөндөр үчүн чыгарылган.

• Онлайн-оюндарды ойноого, жаңы фильмдерди көчүрүп алууга артыкчылык берген активдүү юзерлер үчүн «Геймер» Интернет-тарифи ылайыктуу.

• «Эркиндик» Интернет-тарифи жактырган фильми же музыкасы жүктөлүп бүткүчө күтүп отурууну каалабагандарга, ошондой эле кыска убакыттын ичинде көлөмдүү маалыматтарды өткөрүүгө көнүп калгандарга арналган.

• «VIP Статус» интернет-тарифи — эң мыктыларга ээ болууну жакшы көргөндөр жана буга көнгөндөргө арналган тариф! Бул тарифтин колдонуучулары үчүн Компания эң жогорку ылдамдыкты, мыкты сервисти жана кошумча кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыздайт.

• «Түнкү Форсаж» интернет-тарифи дайыма пайдалуу сунуштарды издештирип жана чыгымдарын көзөмөлдөп турган, азыраак төлөп, максималдуу пайда көрүү мүмкүн болгон сунуштарды тандоого аракет кылган жаштар аудиториясына багытталган. Абоненттерибиздин суранычы менен түнкүсүн Интернетке кирүү убактысы өзгөртүлдү. Эми 10 Мбит/с  чейинки жогорку ылдамдык түнкү саат  01:00дөн эртең мененки 9:00гө чейин берилет.

Жаңы тарифтик пландар менен «Тарифтер» бөлүмүнөн тааныша аласыздар.
Мындан тышкары, «Базалык ПЛЮС» ТП, «Активдүү ПЛЮС» ТП,  «Комфорт ПЛЮС» ТП, «Статус ПЛЮС» ТП, «Базалык» ТП, «Активдүү» ТП, «Комфорт» ТП, «Статус» ТП, ошондой эле 90, 180, 360 күндүк (анын ичинде ТП топтомунун ичинен которулуу) мөөнөткө алдын ала төлөнгөн тарифтик пландарды кошуп алуу жана аларга өтүү 07.04.2014-жылдан тарта мүмкүн болбой турганы жөнүндө маалымдайбыз. Аталган тарифтик пландарды жогорудагы күндөн мурда кошуп алган абоненттерди тейлөө шарттары өзгөрбөйт.
Оставьте заявку на подключение

Заявка на подключение

Бардык талаалар толтурулган эмес

Кызматты танда :
close icon