Жаӊылыктар

Түйүндү кеңейтүү
SAIMA TELECOM Бишкек шаарында жана Чүй областында 4G түйүнүн камтуу аймагын кеңейтүүгө багытталган иштерди улантууда.Компания аймактарда жогорку ылдамдыкта зымсыз Интернетке (4G) мүмкүндүк алууну камсыздаган жабдууну монтаждоого киришти жана жакын арада компаниянын адистери аны тесттен өткөрө баштамакчы.
Жакында Saima4G зымсыз интернетинин сапаты менен жеткиликтүүлүгүнө кийинки калктуу пункттардын жашоочулары да өз баасын бере алышат:
Чалдыбар,
Кайыңды
Панфиловское
Садовое
Полтавка
Сосновка
Новониколаевка
Ивановка
Милянфан
Кең-Булуң
Красная речка.
Мындан тышкары, учурда иштеп жаткан түйүндүн сыйымдуулугун кеңейтүүгө жана камтуу аймагын жакшыртууга багытталган иш-аракеттер Бишкек жана Токмок шаарларында да жүргүзүлмөкчү. Натыйжада абоненттерге көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты кыйла жогорулайт деп ишенебиз.
Аталган аймактарда Saima4G абоненти болууну каалагандар азыртан 0(312) 909 000 телефону аркылуу өтүнмө калтырып, Saima4G зымсыз жана чексиз интернетинин артыкчылыктарына баа бере алышат.
SAIMA TELECOM компаниясы Кыргызстанда биринчилерден болуп Saima4G бренди алдында 4G (LTE) технологиясын ишке киргизген компания экенин белгилей кетмекчибиз. Бүгүнкү күндө Saima4G – бул LTE технологиясы боюнча эң чоң камтуу аймагы жана Бишкек шаарын жана чет-жакасын, Чүй областынын Токмок, Кант, Кара-Балта, Сокулук, Беловодск, Шопоков, Ленинское, Манас аэропорту, Александровка сыяктуу калктуу пункттарын өз ичине алат. Мындан тышкары, Saima4G – бул зымсыз интернетке айына 350 сомдон баштап жеткиликтүү болгон чексиз тарифтер.
Интернетке кирүүдөгү акыркы технологиянын колдонулушу Бишкек шаары менен Чүй областынын жашоочуларын дүйнөлүк телекоммуникациялык жетишкендиктерге кошуудагы маанилүү кадам болуп гана саналбастан, маалымат алуунун жаңы деңгээлдерине чыгуу үчүн кеңири перспективаларга жол ачат.