Жаӊылыктар

УРА! Жаңы тарифтерди киргизебиз
Эң сонун жаңылык!Абоненттерибиз үчүн жаңы тарифтик пландардын киргизилгендигин кубануу менен билдиребиз!
«SAIMA КҮЙГҮЗ 70 МБИТ/С» жана «SAIMA КҮЙГҮЗ 70 + О!TV» тарифтик пландары кошуу үчүн 2023-жылдын 3-апрелинен баштап жеткиликтүү.
«SAIMA КҮЙГҮЗ 70 МБИТ/С» тарифинин шарттары:
- KG зонасында ылдамдык 100 Мбит/с чейин;
- МИР зонасында ылдамдык 70 Мбит/с чейин;
- Тарифтин баасы 950 сом;
«SAIMA КҮЙГҮЗ 70 + О!TV» тарифинин шарттары:
- KG зонасында ылдамдык 100 Мбит/с чейин;
- МИР зонасында ылдамдык 70 Мбит/с чейин;
- 200дөн ашуун телеканалы менен интерактивдүү телевидение;
- Телевизордон YouTube көрүү;
- Телевидение эфирин онлайн башкаруу;
- Баасы 980 сом.
Дарегиңиз боюнча Saima кошуу мүмкүндүгүн текшерүү үчүн сайттын башкы бетине кирип, блокко өзүңүздүн дарегиңизди киргизүү жана «Текшерүү» баскычын басуу жетиштүү. Тутум автоматтык түрдө маалымат берет.
Эгер сиз биздин кызматтарды пайдаланып жаткан болсоңуз, жана тарифиңизди жаңы тарифке алмаштырууну кааласаңыз, иш-аракетти Жеке кабинеттен, же болбосо «Мой О!» тиркемесинен аткара аласыз.
Тарифтик пландар физикалык жактарга гана берилет;
Төлөө шарттары – алдын ала төлөм;
Тарифтик планды абоненттин учурда колдонуп жаткан тарифтик планынан жогору абоненттик төлөм менен тарифтик планга которуу — акысыз жана абоненттин «Жеке кабинетинен» ишке ашырылат.
Wi-Fi-роутер жана/же ТВ-приставка жоопкерчиликтүү сактоого берилет. Сунуш чектелүү.
Wi-Fi роутер АКЫСЫЗ акциясы Новониколаевка а., Петропавловка а., Полтавка а., Калининское а., Беловодское а., Сокулук а., Романовка а., Шопоков ш., Кара-Балта ш., ошондой эле Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен областтарынын жашоочуларын камтыйт.
КР МБТМК караштуу МБА № 03-292-КР. № 16-0019-КР, № 14-1103-КР, 14-1168-КР лицензиялары.