Жумуш орундары - Финансы аналитиги

Артыкчылыктарыбыз:
✅ Иш графиги: дш-жм, 9.00-18.00;
✅ Айлык акы өз убагында;
✅ Кеңсе шаардын борборунда;
✅ Расмий жумушка орноштуруу;
✅ Кесипкөй өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр.
Талаптар:
- Жогорку экономикалык билими. Батышта билим алышы жана MBA деңгээлинин болушу артыкчылык болуп саналат;
- Кийинки тармактарда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы: корпоративдик финансы, башкаруу консалтинги, аудитордук кызматтар (чоң төрттүк компаниялар);
- Телекоммуникациялык тармакта иш тажрыйбасы - артыкчылык;
- MS Office программасын мыкты колдонуучу деңгээлде билүүсү;
- Аналитикалык ой жүгүртүүсү, окууга болгон ынтызарлыгы.
Милдеттери:
- Инвестициялар, ликвиддүүлүк жана капиталдын айланышын башкаруу, карыздык каржылоону тартуу, операциондук натыйжалуулукту жакшыртуу тармагындагы компаниянын стратегиялар менен тактикаларын иштеп чыгууга катышуу;
- Финансылык тобокелдиктерге анализ жүргүзүү жана аларды минималдаштыруу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу;
- Компаниянын узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга катышуу;
- Негизги финансылык көрсөткүчтөрдүн динамикасын, анын ичинде бенчмаркингдин жардамы менен анализ жүргүзүү;
- Ай сайын боло турган негизде башкаруу отчеттуулугун калыптандыруу жана анализ жүргүзүү;
- Бюджет менен божомолдун чыныгы натыйжаларынын негизинде анализди ишке ашыруу;
- Компаниянын финансылык моделин түзүүнү, ошондой эле бизнес-долбоорлордун жана ар кандай сценарийлерде операциондук чечимдердин наркын баалоону ишке ашыруу;
- Квартал сайын же жетекчиликтин талабына ылайык, акча каражаттарынын кыймылын, бухгалтердик баланс менен компаниянын жумушчу капиталынын отчетун божомолдоо процессин ишке ашыруу;
- Аудитти даярдоого жана жүргүзүүгө катышуу.