Жумуш орундары - Back Office жетектөөчү адиси

SAIMA TELECOM командасына кошулуңуз. Бизге Back Office жетектөөчү адиси талап кылынат.
- Расмий жумушка орноштуруу;
- Эмгек акыны өз убагында төлөө + бонустар;
- Корпоративдик уюлдук байланыш;
- Окутуу;
- Кесиптик өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр.
Талаптар:
- Экономика/телекоммуникация ж.б. байланыштуу тармактарда жогорку же кесиптик орто билим;
- Телекоммуникация/банк системасы тармагында – кардарлар базасын тейлөө/иш алып баруу боюнча 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Жетекчилик позициясында иш тажрыйбасы болсо артыкчылык берилет, минималдуу талаптар – процесстерди/долбоорлорду башкаруу боюнча негиздерди билүү жана түшүнүү;
- Жеткилең аналитикалык көндүмдөр, уюшкандык, тутумдуулук, натыйжага багытталгандык;
- Жумуш убактысын натыйжалуу уюштуруу боюнча жеткилең көндүмдөр: бөлүмдүн милдеттерин/пландан тышкары коюлган милдеттерди аткаруу үчүн убакыт менен күч-аракетти туура бөлүштүрүүнү билүү.
Милдеттери:
- Бөлүмдүн функционалын туура жана ыкчам аткарууну камсыздоо максатында бөлүмдүн ишин уюштуруу;
- Өзүнүн ишмердүүлүк чөйрөсүндө алдыңкы тажрыйбаны анализдөө, өзүнүн иш участогунда жайылтуу;
- Иштеп жаткан бизнес-долбоорлорду оптималдаштыруу/автоматташтыруу; иштеп чыгуу жана жайылтуу;
- Ички ченемдик документтерди (нускамаларды, жоболорду, процедураларды) иштеп чыгуу;
- Долбоорлорду демилгелөө жана Компаниянын тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, кардарлар базасынын агып чыгуусун азайтууга, сактап жана кармап калууга, кардарлардын лоялдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларына катышуу;
- Бөлүмдүн функционалын аткаруунун алкагында компаниянын башка бөлүмдөрү менен өз ара аракеттешүүнү уюштуруу;
- Кызматкерлерди окутуу иш-чарасын уюштуруу, баалоо процессине катышуу
Back Office негизги функционалы:
- Кардарлар базасын тейлөө процедураларын операциялардын тизмесине, кызматтардын тизмесине жана аларды көрсөтүү эрежелерине ылайык ишке ашыруу;
- Активдүү эмес кардарлар базасы жана дебитордук/кредитордук карыздар менен иштөө;
- Кардарлардын сунуштары менен даттанууларын карап чыгуу;
- Кардарлар менен түзүлгөн келишимдерди адистештирилген программалык тутумга киргизүү;
- Кардарлар менен түзүлгөн келишимдерди; жазуу жүзүндөгү кайрылууларды (арыздарды) каттоого алуу, топтоо жана сактоо (түпнускаларын жана электрондук (сканерленген) варианттарын);
- Ички кардарлардан келген сурамдарды аткаруу;
- Отчёт жүргүзүү
жана бөлүмдүн функционалына таандык башка милдеттер.
Резюмеңизди v.maevskaya@saimatelecom.kg, n.osmonalieva@saimatelecom.kg почтасына жибериңиз
же
0700 09 16 18 номерине чалыңыз (саат 9:00дөн 18:00гө чейин).