Жаӊылыктар

Жергиликтүү телеканалдардын жаңы бренди
31.08.2023-жылы өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнүн урматына КТРК телетүркүмүнүн каналдары, анын ичинде областтык деңгээлдеги «Ынтымак» телеканалы дагы жаңы форматка өткөрүлдү. Мындан ары аталган телеканалдар «УТРК» бренди астында жана HD сапатта көрсөтүлмөкчү. Жаңы форматка өтүү менен катар эле, айрым каналдар өздөрүнүн логотиптерин алмаштырып, төмөнкүдөй аталып калышты:«КТРК» аталышын «УТРК» деп өзгөрттү.
«Ала-Тоо 24» аталышын «Ала-Тоо 24 HD» деп өзгөрттү
«Маданият Тарых Тил» аталышын «УТРК Маданият» деп өзгөрттү
«КТРК Баластан» аталышын «УТРК Баластан» деп өзгөрттү
«КТРК Спорт» аталышын «УТРК СПОРТ» деп өзгөрттү
«КТРК Музыка» аталышын «УТРК МУЗЫКА» деп өзгөрттү
«Ынтымак» аталышын «УТРК ОШ» деп өзгөрттү