Жаӊылыктар

4G модемдерине супер арзандатуулар!
Уникалдуу жабдуу сатып алууга жетишпей калгандар үчүн жагымдуу сюрприз – 4G модемдерине 40% арзандатуу!Saima4G модемдеринин ыңгайлуу баасы, жогорку сапаты жана ишенимдүүлүгү – бул январь жана февраль айларында модем сатып алып, жогорку ылдамдыктагы Saima4G интернетин кошуп алуу үчүн эң сонун түрткү!
Модем менен топтом ичинде Абонентке «Геймер-Box» тарифтик планы каралган сим-карта берилет. Тариф онлайн-оюндарды ойноо, жаңы фильмдерди көчүрүү, Интернет аркылуу радио угуу, видео-роликтер жана фотосүрөттөрдү жиберүү менен көп убактысын Интернет желесинде өткөргөн колдонуучуларга арналган. Күндүз интернетке туташуунун ылдамдыгы 3,5Мбит/с чейин, ал эми түнкүсүн - чектөөсүз. Мында алынган жана жиберилген маалыматтардын көлөмү боюнча эч кандай чектөө жок.
Акцияга төмөнкү моделдер катышат:
1) Saima LTE модеми
Топтомдун баасы (модем + 30 күндүк «Геймер-Box» ТП менен сим-карта) 3400 сом
2) Saima LTE Wi-Fi модеми
Топтомдун баасы (модем + 30 күндүк «Геймер-Box» ТП менен сим-карта) 4200 сом
Saima4G түйүнүнөн 4G модем менен зымсыз Интернет колдонуу абдан оңой жана пайдалуу. Модемди компьютерге кошуп, программалык камсыздоонун автоматтык түрдө орнотулушун күтүп туруңуз, бир-эки мүнөттөн кийин Интернет мейкиндигинде болосуз.
Шашылыңыздар, 40% арзандатуу 2015-жылдын 10-февралына чейин гана уланат!