Жаӊылыктар

Интернеттин сапатын жакшыртуу
Урматтуу биздин абоненттерибиз,Биринчи кезекте, бүгүнкү күндөгү Интернет рыногунда болуп жаткан татаал өзгөрүүлөр мезгилинде көрсөткөн сабырдуулугуңуздар менен колдооңуздар үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирип кетүүгө уруксат этиңиздер.
Биз интернеттин сапатын жакшыртуу багытында иштерди жүргүздүк жана сыноодон өткөргөн соң, ишенимдүү радиосигналдын аймактарында, жана албетте, интернетти кабель аркылуу өткөрүүдө ылдамдыктар калыбына келтирилгендигин кубануу менен билдиребиз. Интернеттин радиосигнал аркылуу өткөрүлүшү жөнүндө (кеп 4G технологиясы боюнча зымсыз интернет тууралуу болуп жатса) бир нече сөз айта кетмекчибиз – максималдуу ылдамдыкка ээ болуш үчүн түзүлүшүңүз базалык станциядан ишенимдүү радиосигналдын аймагында орун алууга тийиш. Антпесе, ылдамдык төмөндөшү ыктымал. Кээде сигналды жакшыртуу үчүн модемиңиздин же роутериңиздин жайгашкан ордун бир аз өзгөртүп коюу гана жетиштүү болот.
Сиздер интернеттин сапатынын жогорулаганын байкай алдыңыздар деп ишенебиз жана бул билдирүү сиздердин байкоолоруңузду ырастай алат.
Ал эми биз ар дайым кайтарым байланышты угууга жана кайрылууларыңыздарды жекече тартипте карап чыгууга даярбыз.
Терең урматтоо жана ыраазычылык билдирүү менен,
Сиздердин оператор - «Saima Telecom»