2013-жылдын 21-февралынан баштап Saima4G LTE модеминин жаңы модели сатыкка чыкты. Жаңы модем Yota Devices тарабынан чыгарылган. Saima4G LTE компакт модеми кошумча программалык камсыздоону орнотууну талап кылбайт. MS Windows XP SP3/Vista/7/8, Mac OSX 10.6 жана андан жогору, Linux жана башкалар (CDC/RNDIS колдоосу менен) менен иштейт. Модемдин баасы 4300 сом (салыктарды кошкондо).