Компаниянын тарыхчасы
- «SAIMA TELECOM» компаниясы 1997-жылдын 4-июлунда «Ареопаг Бишкек» холдингинин курамында түзүлгѳн.
- Алгачкы аталышы – «Телкарт» ЖЧК.
- Уюштуруучулардын чечими менен Компаниянын миссиясы белгиленген — Кыргыз Республикасынын телефондук байланыш тармагында заманбап технологияларды ѳнүктүрүү жана телекоммуникациялар рыногуна жаӊылыктарды киргизүү.
- Негизги ишмердүүлүк катары, кийин уруксатсыз колдонуудан коргоочу микрочиптери бар телефон карталарын пайдаланган «Schlumberger» фирмасы чыгарган заманбап таксофондор менен алмаштырылган «Алкател» фирмасынан ѳндүрүлгѳн таксофондорду орнотуу аркылуу телефондук байланыш кызматын тартуулоо эсептелген.
- Бишкек шаарында таксофондорду орнотуу менен ишке киришкен Компания эки жылдын ичинде таксофон тармагын бир нече эсе кеӊейте алган. Азыркы учурда таксофон тармагы Бишкек, Каракол, Талас, Ош, Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Ысык-Кѳл курорттук аймагында ийгиликтүү иштеп жатат.
- 1999-жылдын август айында Компания жаӊыча — Saima Net Telecommunications деп аталган жана ишмердүүлүк чѳйрѳсүн ѳзгѳртүп, Бишкек шаарындагы корпоративдик колдонуучуларына санарип телефон байланышы кызматын кѳрсѳткѳн байланыш оператору болуп калган.
- Жеке түйүнүн куруу жана анын негизинде жалпы пайдалануу үчүн телефон түйүнү (ТфОП), кызматтардын интеграциясы менен санарип түйүн (ISDN) жана маалыматтарды ѳткѳрүү түйүнү (СПД),анын ичинде эл аралык түйүндѳргѳ чыгуу каралган заманбап кызматтардын кеӊири спектрин кѳрсѳтүү башкы максат катары белгиленген.
- Алгачкы кадам болуп, Бишкек шаарынын борборуна сыйымдуулугу 60 хх хх шаардык түз номерлѳѳ менен 10 000 номерди түзгѳн кѳп функциялуу АТС орнотуу иш-аракети эсептелет. Бул станцияга туташкан абоненттердин баары жалпы шаардык түйүнгѳ, ошондой эле шаар аралык жана эл аралык түйүндѳргѳ чыгуу мүмкүндүгүнѳ ээ болушкан. Абоненттердин жайлуулугу үчүн коммутациялык станцияга киргизилген кошумча кызматтар толугу менен кѳрсѳтүлгѳн.
- 2002-жылы телекоммуникациялар тармагын жѳнгѳ салуучу орган деп эсептелген КР Ѳкмѳтүнѳ караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги (МБА) бардык альтернативдик байланыш операторлору менен жеке номердик талаасын түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алган.
- Ушул чечимге байланыштуу «Saima Net Telecommunications» компаниясына сыйымдуулугу 100 000 номерди түзгѳн 9х хх хх номерлѳѳ менен номердик талаа бѳлүнгѳн. МБА буйругу менен 9-байланыш түйүнүн жаратуу боюнча иш-аракет жүргүзүү милдети «Saima Net Telecommunications» компаниясына жүктѳлүп, аталган байланыш түйүнүн куруу жана эксплуатацияга берүү Компаниянын жеке каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган.
- 9-байланыш түйүнүн жаратуунун башкы максаты катары,ѳз мезгилинде телефон түйүнүнүн конфигурациясы бир гана телефон байланышы кызматтарын гана берүү максатында иштелип чыккан жалпы пайдалануу үчүн шаардык телефон түйүнүндѳгү (ТФОП) кѳйгѳйлѳрдү чечүү аракети эсептелген.
- Түйүндүн инфраструктурасы ѳткѳн кылымдын 50-жылдарында (1950-ж.) курулган. Ошондуктан, кѳп жерлерде кабелдик түйүн эскирип, бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт. Бул транспорттук түйүндѳн реалдуу мезгил режиминде добуштук да, маалымат топтомдору түрүндѳ дагы ири кѳлѳмдѳгү маалымат ѳтѳт. Интернеттин ѳнүгүү темптери жалпы пайдалануу үчүн телефон түйүнүндѳгү ашыкча жүктѳмдүн себептеринин бири болуп саналат.
- Бул долбоор Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялар рыногунун демонополизациясына карай кошумча кадам болуп, альтернативдик операторлордун кѳз карандысыздыгын камсыздады жана кѳрсѳтүлгѳн кызматтардын сапатын жогорулата алды.
- 2020-жылдын март айынан тарта Компания кѳрсѳтүлгѳн кызматтардын спектрин кеӊейтип, Интернет-Сервис-Провайдери болуп калды. Маалымат ѳткѳрүү үчүн алгачкы каналдын сыйымдуулугу 192 Кб/с түзгѳн.
- Компаниянын абоненттеринин керектѳѳлѳрү барган сайын жогорулап, буга байланыштуу канал этап менен кеӊейтиле баштаган: 2020-жылдын июль айында 256 Кб/с. чейин, 2003-жылдын март айында — 384 Кб/с чейин жогорулаган. Ошол эле мезгилде Компания SDSL технологиясы боюнча бѳлүнгѳн мүмкүндүк алуу кызматтарын кѳрсѳтүүгѳ киришкен.
- Андан кийинки айларда Компания күчѳтүлгѳн тартипте Москвага чейинки жер үстүндѳгү каналды уюштуруу боюнча иштерди жүргүзгѳн. Компаниянын адистери ѳнѳктѳштѳрү – москвалык операторлор менен бирге уюштурулган каналды текшерип чыгып, 2003-жылдын 1-июлунда Москвага чейинки жаӊы жер үстүндѳгү канал ишке киргизилген.
- «Saima Net Telecommunications» компаниясы — «РТКомм» магистралдык операторунун Москва түйүнү менен жер үстүндѳгү канал боюнча байланышка ээ жалгыз альтернативдик оператор жана Интернет-Сервис-Провайдер. Бул жаӊылык Компаниянын ѳз кардарларына кыйла сапаттуу деӊгээлдеги Интернетке кирүү мүмкүндүгүн камсыздаган уникалдуу айырмалоочу ѳзгѳчѳлүгүнѳ айланды.
- Арсеналында ири техникалык мүмкүнчүлүктѳргѳ ээ болуу жана башка ѳлкѳлѳрдүн операторлору менен келишимдерди түзүү аркылуу ѳнүгүүнүн жаӊы деӊгээлине чыгуу жѳнүндѳ чечим кабыл алынган.
- 2003-жылдын 6-ноябрында Компания атын «SAIMA TELECOM» деп ѳзгѳртүп, телекоммуникациялык кызматтардын толук спектрине ээ ири телекоммуникациялык операторго айланган.
- Интернет-кызматтардын рыногуна активдүү кирүү ылдам ѳнүгүү менен жаӊы технологиялык чечимдерди киргизүүнү талап кылды.
- «SAIMA TELECOM» компаниясы менен Кыргызстандын телекоммуникация секторунун ѳнүгүүсүндѳгү мурун болуп кѳрбѳгѳн кадам катары, 2004-жылдын ноябрь айында Москвага чейин жер бетиндеги экинчи байланыш каналын ишке киргизүү долбоорунун жүзѳгѳ ашырылышы эсептелет. Канал «SAIMA TELECOM» ЖААКнун жабдуусу менен Россия Федерациясынын улуттук алыскы байланыш оператору «Ростелеком» компаниясынын жабдуусун байланыштырган.
- Бүткүл дүйнѳ жүзүнүн улуттук операторлорунун иштѳѳ принциби мындай: ар бир оператор ѳзүнүн мамлекетинин аймагында жеке түйүнүн курат, ал эми «дүйнѳ жүзүнѳ чыгуу» (эл аралык байланыш менен ѳз мамлекетинин аймагынан тышкары Интернетке кирүү мүмкүндүгү) башка ѳлкѳлѳрдүн улуттук операторлору менен келишим түзүү аркылуу ишке ашат. Дүйнѳнүн бир дагы оператору ѳз ѳлкѳсүнүн аймагынан тышкары эч кандай жеке түйүнгѳ ээ боло албай турганы баарына эле маалым. Эреже катары, кѳз карандысыз операторлор улуттук оператордун каналдарын ижарага алуу менен ишмердүүлүк жүргүзүшѳт.
- «Ростелеком» ААК — Россия Федерациясынын улуттук алыскы байланыш оператору, заманбап санарип түйүнү бар, 72 ѳлкѳнүн 100дѳн ашуун түйүнүнѳ эл аралык түз чыгууларга ээ, 30 эл аралык кабелдик системага катышат жана 400 эл аралык оператор жана компания менен кызматташат. «Ростелеком» ААК — Россиянын бүтүндѳй аймагы боюнча жогорку сапаттагы санарип каналдар менен тракттардын тармакталган түйүнүнѳ ээ жалгыз компания.
- Бүгүнкү күндѳ «Ростелеком» Лондон, Стокгольм жана Франкфурт шаарларында жайгашуу чекиттери бар Европага жогорку ылдамдыктагы чыгууларга ээ, ал эми компаниянын магистралдык түйүнүн модернизациялоо жана Азия багытында кошумча сыйымдуулук алуу «Ростелеком» ААК түйүнү аркылуу эӊ кыска жана ишенимдүү жер үстүндѳгү трансконтиненталдык каттам катары Европа менен Азиянын ортосунда ири кѳлѳмдѳгү трафиктерди ѳткѳрүү үчүн шарт түзүп берет.
- SAIMA TELECOMдун мындай ресурстарга мүмкүндүк алуусу Компаниянын бардык абоненттеринин жогорку дүйнѳлүк стандарттардагы эл аралык байланыш кызматтарын колдоно билүүсүн камсыздайт.
- 2004-жылдын аягына чейин SAIMA TELECOM түйүнүн куруунун экинчи этабы — борбор калаанын түштүк кичи райондорунда жана Токмок шаарында SAIMA TELECOM абоненттик алып чыгууларды орнотуу ишке ашырылып бүткѳн.
- 2005-жылдын январь айы жалпы узундугу 50 км ашкан була-оптикалык SDH-алкактын курулушунун аякташы менен белгилүү болду. Мунун натыйжасында Компаниянын санарип АТСы Бишкек шаарындагы 15 түйүндүк байланыш чекиттери менен туташтырылды.
- 2005-жылдын март айында «SAIMA TELECOM» ЖААК жана «Казахтелеком» АК адистери тарабынан эки оператордун жабдууларын байланыштырып турган Казакстанга чейинки жер бетиндеги үчүнчү каналдын курулушу аяктаган.
- 2005-жылдын октябрында каналдын ѳткѳрүү кеӊдиги 2 Мб/с жеткен жеке спутниктик байланыш станциясы орнотулган.
- Ошентип, ал учурдагы каналдардын жалпы сыйымдуулугу 8 Мб/с түзгѳн. Арсеналында бир нече кѳз карандысыз маалымат ѳткѳрүү каналынын болушу «SAIMA TELECOM» компаниясына ѳзүнүн абоненттерине кѳрсѳткѳн кызматтардын жогорку сапаты менен ишенимдүүлүгүнѳ кепилдик бере алуусун шарттады.
- Жакында эле кеӊири тааныла баштаган «SAIMA TELECOM» компаниясы техникалык жана маркетингдик белгилер боюнча жогорку кѳрсѳткүчтѳргѳ жете алды. Башкы «Телефония» кызматы боюнча абоненттик базасы 2005-жылдын ичинде эле 37%га, ал эми «Интернетке бѳлүнүп берилген мүмкүндүк» кызматы боюнча — 86%га ѳскѳн.
- Абоненттик базанын ѳтѳ тез ѳнүгүүсү байланыш каналын кеӊейтүү зарылдыгын жаратты.
- 2006-жылдын 14-ноябрында сыйымдуулугу секундасына 155 Мегабитке жеткен жаӊы жер бетиндеги канал ишке киргизилген. Бул - рекорддук ылдамдык жана ири кѳлѳмдѳр. Бүгүнкү күндѳ 34 Мб/с иштеп жатат. Каналдын ѳткѳрүү жѳндѳмдүүлүгү Компаниянын алгачкы каналынан 181 эсе жогору. Муну менен бирге эле, каналдын жалпы сыйымдуулугу секундасына 155 Мегабитти түзѳрүн дагы бир жолу белгилей кетмекчибиз.
- Аталган долбоор «SAIMA TELECOM» ЖААК жана «Казахтелеком» АК адистери тарабынан ишке ашырылып, Кыргызстандын байланыш тармагын ѳнүктүрүүдѳгү маанилүү кадам болуп саналат.
- Ушундай олуттуу ресурстарга ээ болуу менен «SAIMA TELECOM» компаниясы абоненттерин дүйнѳ жүзү менен тышкы байланышты жоготуп алуу коркунучунан сактаган тышкы байланыш каналдарынын кѳп баскычтуу системасын уюштурган.
- Бардык долбоорлорду жүзѳгѳ ашыруу аркылуу «SAIMA TELECOM» ЖААК ѳз абоненттерин дүйнѳлүк стандарттардын талаптарына жооп берген санарип байланыш жана Интернетке кирүү мүмкүндүгү менен камсыздап келет.
- 2011-жылдын 9-декабрынан тарта Бишкекте LTE технологиясы боюнча тѳртүнчү муундагы жогорку ылдамдыктагы зымсыз Интернетке туташтыруу иштери башталган (азыркы учурда LTE — дүйнѳ жүзүндѳ мобилдик маалымат ѳткѳрүүнүн эӊ перспективдүү технологиясы болуп саналат). Бул ийгиликке Кыргызстандын кѳз карандысыз альтернативдик оператору — «SAIMA TELECOM» ЖААК жеке техникалык ресурстарынын базасында жетише алды. «SAIMA TELECOM» компаниясы жаӊы долбоорун Saima4G деп атады. Бул Кыргызстандагы биринчи LTE түйүнү.
- 2020-жылы «SAIMA TELECOM» компаниясы Кыргыз Республикасындагы була-оптикалык түйүндѳрдүн ири масштабдуу курулмаларынын бирин ишке киргизди. Башкы милдет катары, Бишкек шаарынын бардык түштүк кичи райондорунун жашоочуларын 1 жылда килемдик камтуулар менен камсыздоо иш-аракети белгиленген. Пандемияга, локдаундарга жана куруудагы ар кандай кыйынчылыктарга карабастан долбоор ишке ашырылды.
- Компания бул жетишкендиктер менен чектелип калбайт, кийинки кадам – сүйүктүү Кырыз Республикасынын мүмкүн болушунча кѳбүрѳѳк жерлерин сапаттуу зымдуу интернет жана интерактивдүү телевидение менен камтуу!