Подключиться
TP-LINK Archer C80
TP-LINK Archer C80 эки диапазондуу роутери
  • Ылдамдыгы 5 ГГц жыштыкта секундасына 1300 Мбит чейин, ал эми 2.4 ГГц жыштыкта секундасына 600 Мбит чейин.
  • 3×3 MIMO Technology – Көбүрөөк ишенимдүү туташуулар – MU-MIMO бир учурда 3 түзүлүш менен туташуу мүмкүндүгүн камсыздоо аркылуу роутердин өндүрүмдүүлүгүн 3 эсе жогорулатат.
  • Кеңейтилген Wi-Fi камтуусу – Beamforming технологиясы (зымсыз кардарлар багытында нурларды пайда кылуу технологиясы) Wi-Fi түйүнүнө өндүрүмдүүлүгү жогору туташууну камсыздайт.
  • MU-MIMO – түзүлүштөрүңүздүн оптималдуу өндүрүмдүүлүккө жетүүсүн жана кыйла натыйжалуу байланышты камсыздайт.
  • Жекелештирилген башкаруу – ата-эненин көзөмөлү, конок түйүнү жана туташууну көзөмөлдөө сыяктуу кеңейтилген функциялар түйүндү башкаруу үчүн жекече инструменттерди берет.
  • Интеллектуалдык туташуу – Smart Connect функциясы кардарларды жүктөм азыраак тилкеге багыттаса,  Airtime Fairness – убакытты пайдаланууну оптималдаштырат.
  • EasyMesh  технологиясы – бүтүндөй үйдүн ичинде бирдиктүү Mesh-түйүндү түзүш үчүн EasyMesh менен (WiFi күчөткүчтөрү жана маршрутизаторлору) иштеген зымсыз түзүлүштөрдү колдонуңуз

Баасы: 4500 c
TP-Link WR844N
  • Туруктуу Wi-Fi – 300 Мбит/с чейинки зымсыз маалымат өткөрүү ылдамдыгы өткөрүү жөндөмдүүлүгү сезгич иштер менен милдеттер үчүн ыңгайлуу
  • Күчөтүлгөн камтуу – ар тарапка багытталган эки антенна менен 2×2 MIMO Wi-Fi сигналынын жогорулугу менен ишенимдүү туташууну камсыздайт
  • Төрт иштөө режими – түйүндүн түрдүү милдеттерин чечүү үчүн маршрутизатордун, мүмкүндүк алуу чекитинин, сигналды күчөткүчтүн жана WISP кардарынын режимдерин кармап турат
  • Ата-эненин көзөмөлү – туташкан түзүлүштөр үчүн интернетке мүмкүндүк алуу саясатын белгилейт
  • Конок түйүнү – коноктор үчүн өзүнчө мүмкүндүк алууну камсыздайт
  • HD-видеонун жай-салмактуу көрсөтүлүшү – IPTV агымдык өткөрүүсүн оптималдаштыруу үчүн IGMP Proxy/Snooping, Bridge жана Tag VLAN иштөөсү 
  • IPv6 иштөөсү – IPv6 (интернет-протоколдун акыркы версиясы) менен туура келет
Баасы: 1500 c
TP-Link Archer С24
• 2,4 ГГц жыштыгында – 300 Мбит/с чейин, 5 ГГц жыштыгында – 433 Мбит/с чейин маалыматтарды зымсыз өткөрүүнүн ылдамдыгы жогорку ылдамдыкта жана HD форматындагы видеостримдерди жүктөөнүн идеалдуу варианты;
• Ата-энелердин көзөмөлү бардык кошулган түзүлүштөрдөгү интернетке кирүү эрежелерин аныктаңыз.
• Меймандык түйүн башка түзүлүштөр кошулган учурда локалдык түйүндүн коопсуздугун камсыздайт.
• 3 режимде иштөө: роутер, интернетке кирүү жайынын жана көбүрөөк ийкемдүүлүктү күчтөндүрүү режими;
• IPv6 (6-версиянын интернет-протоколу) менен шайкеш келет;
• IGMP Proxy/Snooping колдоо, IPTV агымдарынын оптимизациясы үчүн көпүрө жана VLAN тег берүү режими.
Баасы: 2100 c
TP-Link Archer С54
• 2,4 ГГц жыштыгында – 300 Мбит/с чейин, 5 ГГц жыштыгында – 867 Мбит/с чейин маалыматтарды зымсыз өткөрүүнүн ылдамдыгы жогорку ылдамдыкта жана 4К форматындагы видеостримдерди жүктөөнүн идеалдуу варианты;
• Ата-энелердин көзөмөлү бардык кошулган түзүлүштөрдөгү интернетке кирүү мезгилин жана ыкмасын аныктайт.
• Меймандык түйүн башка персоналар кошулган учурда негизги түйүндүн коопсуздугун камсыздайт.
• Иштөөнүн 3 режимин кармайт: роутер режими, интернетке кирүү жайынын жана көбүрөөк ийкемдүүлүктү күчтөндүрүү режими;
• IPv6 (6-версиянын интернет-протоколу) менен шайкеш келет;
• IGMP Proxy/Snooping колдоо, IPTV агымдарынын оптимизациясы үчүн көпүрө жана VLAN тег берүү режими.
Баасы: 2600 c
Android TV Box SB-303 ТВ-приставкасы
Интерактивдүү ТВ кѳрүү үчүн алдын-ала орнотулган тиркемеси бар медиаплеер.

Android TV Box SB-303 жардамы менен катардагы эӊ жѳнѳкѳй телевизор SMARTка айланып, чыныгы жардамчы боло алат! Интерактивдүү кызматтар убакытты кѳзѳмѳлдѳѳ жана эфирди ѳз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгүн берет!

Ар башка 3 түзүлүштѳн (ПК/ноутбук, планшет, телефон) бир эле приставкага кошумча абоненттик тѳлѳмсүз кошулуӊуз жана сизге тѳмѳнкүлѳр жеткиликтүү болот:

Эӊ популярдуу телеканалдар — мыкты спорт, балдар, фильм, музыка жана илимий-таанып билүү каналдары!

«Так убакыт» — так күн жана убакыт жѳнүндѳ маалымат берет.

«ТВ гид» — телеканалдардын берүүлѳрүнүн программасы.

«Тандаган телепрограмма кѳрсѳтүлѳ турган убакыт жѳнүндѳ эскертүү» — тутум сүйүктүү программанын башталганы тууралуу эскертип, керектүү телеканалга которууну сунуштайт.

«Тандалган каналдардын топтомун түзүү» — сүйүктүү телеканалдардын ыӊгайлуу ырааттуулук боюнча түзүлгѳн тизмеси.

«Пауза» — түз эфирди ѳткѳрүп жиберүү боюнча тынчсыздануунун кереги жок! Эми аны паузага коюп, ыӊгайлуу убакта кѳрүүгѳ болот!

«Артка түрдүрүү» — телеберүүнүн эӊ жакшы бѳлүктѳрүн эфирди артка түрдүрүп, кайра кѳрүп чыгууга болот!

«Телеберүүлѳрдүн архиви» — эми сүйүктүү сериалдын, фильмдин же берүүнүн ѳткѳрүп жиберген эфирин таап алуу ѳтѳ оӊой! Каалаган нерсеӊди каалаган убакта кѳрүү – эӊ чоӊ ырахат!

«Үй Кинотеатры» — кѳптѳгѳн кызыктуу контенттерди сунуштаган 3 ири видеосервер:

• AMEDIATEKA – сапаттуу үн коштоосу, субтитрлери жана оригиналдуу контенттери бар HBO, Showtime, CBS, Sky, LIONSGATE, BBC студияларынан эксклюзивдүү контенттин кеӊири ассортиментин тартуулаган популярдуу видеосервис. Дээрлик бардык жаӊы фильмдер, ѳзгѳчѳ хиттер кѳрсѳтүү старт алган алгачкы күндѳрдѳ эле сервиске чыгат.

• START –кѳпчүлүгү телевидениеде премьералык кѳрсѳтүүдѳн мурда бул кинотеатрда чыккан укмуштуудай кѳп сериалдар. Эӊ башкысы – контент толугу менен мыйзамдуу, мыкты сапатта жана балдар аудиториясы үчүн коопсуз экенинде. Видеосерверде эч кандай жарнама кѳрсѳтүлбѳйт жана жадатма терезечелер чыга бербейт, ошондой эле бир нече жеке профиль түзүп койсо да болот.

• О!Кино – актуалдуу контенттин дайыма жаӊыланып туруусу менен 10 000ден ашуун фильмди эркин жана жарнамасыз кѳрүү мүмкүндүгү. Бул видеосервистеги контент ар түрдүү аудиторияга багытталган. Сурдокотормо (жесттер менен которуу) жана тифлокомментарийлер (фильмдин визуалдуу образдарын сѳз менен сүрѳттѳѳ) менен дагы телеберүүлѳр бар.

• «YouTube» — түз эле телевизордон видеохостингге эркин чыгуу. Эми пультту бир эле басуу менен сүйүктүү клиптер, роликтер, блогдор жана влогдорду кѳрѳ аласыз!
Баасы: 2500 c
Оставьте заявку на подключение

Заявка на подключение

Бардык талаалар толтурулган эмес

Кызматты танда :
close icon