Android TV Box SB-303 ТВ-приставкасы

Android TV Box SB-303 жардамы менен катардагы эӊ жѳнѳкѳй телевизор SMARTка айланып, чыныгы жардамчы боло алат! Интерактивдүү кызматтар убакытты кѳзѳмѳлдѳѳ жана эфирди ѳз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгүн берет!
Ар башка 3 түзүлүштѳн (ПК/ноутбук, планшет, телефон) бир эле приставкага кошумча абоненттик тѳлѳмсүз кошулуӊуз жана сизге тѳмѳнкүлѳр жеткиликтүү болот:
Эӊ популярдуу телеканалдар — мыкты спорт, балдар, фильм, музыка жана илимий-таанып билүү каналдары!
«Так убакыт» — так күн жана убакыт жѳнүндѳ маалымат берет.
«ТВ гид» — телеканалдардын берүүлѳрүнүн программасы.
«Тандаган телепрограмма кѳрсѳтүлѳ турган убакыт жѳнүндѳ эскертүү» — тутум сүйүктүү программанын башталганы тууралуу эскертип, керектүү телеканалга которууну сунуштайт.
«Тандалган каналдардын топтомун түзүү» — сүйүктүү телеканалдардын ыӊгайлуу ырааттуулук боюнча түзүлгѳн тизмеси.
«Пауза» — түз эфирди ѳткѳрүп жиберүү боюнча тынчсыздануунун кереги жок! Эми аны паузага коюп, ыӊгайлуу убакта кѳрүүгѳ болот!
«Артка түрдүрүү» — телеберүүнүн эӊ жакшы бѳлүктѳрүн эфирди артка түрдүрүп, кайра кѳрүп чыгууга болот!
«Телеберүүлѳрдүн архиви» — эми сүйүктүү сериалдын, фильмдин же берүүнүн ѳткѳрүп жиберген эфирин таап алуу ѳтѳ оӊой! Каалаган нерсеӊди каалаган убакта кѳрүү – эӊ чоӊ ырахат!
«Үй Кинотеатры» — кѳптѳгѳн кызыктуу контенттерди сунуштаган 3 ири видеосервер:
• AMEDIATEKA – сапаттуу үн коштоосу, субтитрлери жана оригиналдуу контенттери бар HBO, Showtime, CBS, Sky, LIONSGATE, BBC студияларынан эксклюзивдүү контенттин кеӊири ассортиментин тартуулаган популярдуу видеосервис. Дээрлик бардык жаӊы фильмдер, ѳзгѳчѳ хиттер кѳрсѳтүү старт алган алгачкы күндѳрдѳ эле сервиске чыгат.
• START –кѳпчүлүгү телевидениеде премьералык кѳрсѳтүүдѳн мурда бул кинотеатрда чыккан укмуштуудай кѳп сериалдар. Эӊ башкысы – контент толугу менен мыйзамдуу, мыкты сапатта жана балдар аудиториясы үчүн коопсуз экенинде. Видеосерверде эч кандай жарнама кѳрсѳтүлбѳйт жана жадатма терезечелер чыга бербейт, ошондой эле бир нече жеке профиль түзүп койсо да болот.
• О!Кино – актуалдуу контенттин дайыма жаӊыланып туруусу менен 10 000ден ашуун фильмди эркин жана жарнамасыз кѳрүү мүмкүндүгү. Бул видеосервистеги контент ар түрдүү аудиторияга багытталган. Сурдокотормо (жесттер менен которуу) жана тифлокомментарийлер (фильмдин визуалдуу образдарын сѳз менен сүрѳттѳѳ) менен дагы телеберүүлѳр бар.
• «YouTube» — түз эле телевизордон видеохостингге эркин чыгуу. Эми пультту бир эле басуу менен сүйүктүү клиптер, роликтер, блогдор жана влогдорду кѳрѳ аласыз!