Подключиться

Техникалык колдоо | Saima Telecom интернет провайдери

Көп берилүүчү суроолор

WI-FI роутерди өз алдынча ырастоо үчүн шилтемени басыңыз:
https://www.saimatelecom.kg/local/templates/saimatelecom/files/ac54.pdf
https://www.saimatelecom.kg/local/templates/saimatelecom/files/tlwr840.pdf
Кошуу үчүн өтүнмөнү төмөнкү жолдор менен калтырса болот:
1) Компаниянын saimatelecom.kg башкы баракчасындагы форманы толтуруу;
2) Бизге Telegram/WhatsApp аркылуу жазуу: 0708 909 000;
3) 0706 909 000, 0554 909 900 0708 909 000 телефондоруна чалуу;
4) Компаниянын кеңсесине кайрылуу.
1)Техникалык мүмкүнчүлүк тууралуу 0706 909 000, 0554 909 900 телефондору боюнча Байланыш борборуна кайрылып, же болбосо Telegram/WhatsApp: 0708 909 000 номерине жазып маалымат ала аласыз.
2) Сиз кошуу мүмкүндүгүн сайттан өз алдынча текшере аласыз. Бул үчүн башкы баракчага кирип, «ҮЙҮҢҮЗ SAIMA’га КОШУЛГАН ЖЕ КОШУЛБАГАНЫН ТЕКШЕРИҢИЗ» блогунан кийинки саптарды толтуруңуз: область, калктуу пункт, көчө, үй. Андан соң «ОК» баскандан кийин көрсөтүлгөн дарек боюнча кошуу мүмкүндүгү тууралуу маалымат камтылган плашка чыгат.
Баасы индивидуалдуу эсептелет. Эсептеп чыгуу 3 жумуш күнүнөн 5 жумуш күнүнө чейинки убакытты талап кылат. Бирок сиз үчүн бизде сонун жаңылык бар, Сиздин дарегиңиз акцияга киргендердин тизмесинде болуп калышы мүмкүн – анда кошуу АКЫСЫЗ болот. Болгону тандалып алынган тарифтик план боюнча абоненттик төлөм менен зарыл болгон учурда кошумча жабдуу үчүн (ТВ-приставка, Wi-Fi роутер) төлөмдү ишке ашыруу талап кылынат.
Көп кабаттуу үйлөрдө кошуу - 5 жумуш күнүнөн баштап, жеке сектордо кошуу мөөнөтү - 10 жумуш күнүнөн баштап.
Зымдуу интернеттин тарифтик пландарынын баарында трафик боюнча эч кандай чектөө жок. Сизге чексиз колдонуу мүмкүндүгү берилет, тарифиңиздин шарттарына ылайык ылдамдык боюнча гана чектөө болушу мүмкүн.
Сиз тарифтик планды алмаштырууну биздин сайтыбыздагы жеке кабинеттен же Мой О! тиркемесинен кезектеги эсептик айдын 1-числосуна чейин, же болбосо компаниянын кеңсесине кайрылып пландай аласыз. 0 706 909 000, 0 554 909 900 номерлери аркылуу адистерибизге кайрылуу менен кошумча консультация алсаңыз болот.
Жеке кабинетке кирүү үчүн келишимде көрсөтүлгөн логиниңизди, башкача айтканда өздүк эсебиңиз менен сырсөздү киргизиңиз.
Эгер сырсөздү унутуп калсаңыз, биз менен байланышыңыз.

Жеке кабинеттен төмөнкү аракеттерди аткара аласыз:
- балансты текшерүү;
- кызматтарды кошуу/өчүрүү;
- тарифтик планды алмаштырууну пландоо;
- кызматтарды төлөө.

Катталууну O!TV мобилдик тиркемесинен же телевизордон О!Кино, START, AMEDIATEKA каталогундагы жаккан фильмди же сериалды басуу менен жолжоболоштуруу керек. 

Сизге кызматты кошуу сунуш кылынып, абоненттик төлөм алынгандан кийин кызмат жеткиликтүү болот.
ТВ-приставканын баасы 2500 сом. Эгерде сиз биз менен 12 айга келишим түзсөңүз, ТВ-приставканы жооптуу сактоого ала аласыз. Ошондой эле ТВ-приставканы 14 айга бөлүп төлөөгө сатып алууга мүмкүндүк бар. Бөлүп төлөөнүн баасы ай сайын 200 сомду түзөт. Ал эми телевизоруңузда Smart TV орнотулган болсо, анда ТВ-приставка албай эле койсо болот, бирок муну адис текшерүүсү зарыл.
200дөн ашуун ТВ-канал.

Эгер интернетиңиз жоголуп кетсе, төмөнкү нускамаларды аткаруу менен WI-FI роутерди өчүрүп, кайра күйгүзүңүз:

TL-WR840N өчүрүп, кайра күйгүзүү
WI-FI роутерди өчүрүп, кайра күйгүзүү үчүн төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу зарыл:
WI-FI роутерди электр камсыздоосунан 30 секундга ажыратып, кайра күйгүзүңүз, же болбосо WPS/RESET баскычын көпкө кармабастан бир жолу басыңыз.
Маанилүү! WI-FI роутерди ырастоо учурунда өзгөртүүлөрдү сактап коюу максатында өчүрүп кайра күйгүзүүнү башкаруу панели аркылуу гана аткарыңыз.

TL-ARCHER C24 өчүрүп, кайра күйгүзүү
WI-FI роутерди өчүрүп, кайра күйгүзүү үчүн төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу зарыл:
WI-FI роутерди электр камсыздоосунан 30 секундга ажыратып (сол жактагы 1-разъем/POWER), кайра күйгүзүңүз, же болбосо оң жактагы четки WPS/RESET баскычын көпкө кармабастан бир жолу басыңыз.
Маанилүү! WI-FI роутерди ырастоо учурунда өзгөртүүлөрдү сактап коюу максатында өчүрүп кайра күйгүзүүнү башкаруу панели аркылуу гана аткарыңыз.

TL-ARCHER C54 өчүрүп, кайра күйгүзүү
WI-FI роутерди өчүрүп, кайра күйгүзүү үчүн төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу зарыл:
WI-FI роутерди электр камсыздоосунан 30 секундга ажыратып (сол жактагы 1-разъем/POWER), кайра күйгүзүңүз, же болбосо оң жактагы четки WPS/RESET баскычын көпкө кармабастан бир жолу басыңыз.

Маанилүү! WI-FI роутерди ырастоо учурунда өзгөртүүлөрдү сактап коюу максатында өчүрүп кайра күйгүзүүнү башкаруу панели аркылуу гана аткарыңыз.
Интернеттин ылдамдыгын текшерүү үчүн интернет-кабелди WI-FI роутерден сууруп алып, компьютерге туташтыруу зарыл. Браузерден сайттын https://www.speedtest.net/ дарегин киргизиңиз же шилтемени басыңыз, тегерекчени басып, натыйжаны күтө туруңуз. Интернетиңиздин ылдамдыгы тарифтик планда көрсөтүлгөн ылдамдыктан төмөн болсо, өзүңүз үчүн ыңгайлуу ыкма аркылуу келип чыккан көйгөйдү толук сыпаттоо менен Байланыш борборуна кайрылыңыз.
Зымсыз түйүндө чыккан жогорудагы көйгөйдү чечүүнүн эң туура жолдорунун бири – роутерди өчүрүп, кайра күйгүзүү. Себеби, иштөө процессинде мезгил-мезгили менен маалымат өткөрүүдө көйгөйлөр келип чыгат жана роутер аларды өз алдынча чече албайт. Өчүрүп, кайра күйгүзгөндөн кийин Интернетке кайра туташуу ишке ашып, түйүндөгү калган протоколдор жаңыланат.
Колдон келсе, Wi-Fi роутерди батирдин Wi-Fi колдонуу пландалып жаткан бөлүктөрү түз көрүнө турган (мүмкүн болушунча) жерлерге орнотуу зарыл. Бул көбүнчө ортоңку бөлмө же коридор болот. Роутер менен Wi-Fi роутердин ортосундагы дубалдардын санын максималдуу азайтуу керек жана сигналдын жолунда металл курулмалар (сейф, компьютер ж.б.) же күчтүү нурлануусу бар приборлор (компьютер, жаңы үлгүдөгү телевизор, микротолкундуу меш ж.б.) болбоого тийиш. Мүмкүн болсо, роутерди колдонулган түзүлүштөр менен бир деңгээлде жайгаштырып, антеннасын жогору көздөй вертикалдуу каратуу зарыл. Эң кубаттуу роутер дагы алыс жайгашкан бөлмөгө сигнал жеткире албаган учурда кошумча маршрутизатор коюлат. Аны негизги түзүлүштөн зым аркылуу мүмкүндүк алуу чекити (Access point) режиминде туташтырып, ылдамдыкты жоготпостон камтуу зонасын чоңойто аласыз. Ал эми кабелди өткөрүү мүмкүн болбой жатса, маршрутизаторду Wi-Fi түйүнүнүн кайталоочусу (repeater) режимине ырастоого болот, бирок туташуунун мындай түрү алыс жайгашкан бөлмөдөгү ылдамдыкты жок эле дегенде 2 эсе төмөндөтөт.
Оставьте заявку на подключение

Заявка на подключение

Бардык талаалар толтурулган эмес

Кызматты танда :
close icon