9-май майрамы!
09.05.2024Урматтуу айымдар,
Бул жаркын жана маанилүү күндө жалпыңыздарды Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайбыз!
9-май — биздин тынчтыгыбыз жана эркиндигибиз үчүн күрөшкөн ата-бабаларыбызды сыймыктануу менен эскере турган күн.
Бүгүн биз өз жанын аябастан Мекенибизди коргогондорду эскерип, азыркы бейпил жашообуз үчүн аларга терең ыраазычылык билдиребиз. Баатырларыбыздын жасаган иштери мындан ары дагы баарыбызды шыктандыра берсин.
Жалпыңыздарга бейпил жашоо, көңүл тынчтыгын жана үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.
Жеңиш күнүңүздөр менен! Ар дайым жеңиштин нуру төгүлүп турсун!
Майрамга байланыштуу компаниянын башкы кеңсеси төмөнкү график боюнча иштейт:
9 май - дем алыш күн,
10 жана 11-май – кадимки режимдеги жумуш күндөрү, саат 9:00дөн 18:00гө чейин
Эң жакшы каалоо-тилектер менен,
SAIMA TELECOM