saima logo
RU KG

КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫ

"SAIMA TELECOM" ("САЙМА ТЕЛЕКОМ") ЖАК

Акыркы жаңылоо датасы: 18-апрель 2025-жыл

1. КИРИШҮҮ

Ушул Купуялуулук саясаты (мындан ары - "Саясат") Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын 14.04.2008-жылдагы № 58 «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына, ошондой эле "SAIMA TELECOM" ("САЙМА ТЕЛЕКОМ") ЖАКтын (мындан ары - "Компания") ички ченемдик документтерине ылайык иштелип чыккан.

Ушул Саясаттын максаты болуп, биздин тиркемелердин колдонуучуларынын, кардарларыбыздын, кызматкерлерибиздин жана жеке маалыматтардын башка субъектилеринин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу тартибин белгилөө, жеке маалыматтарды иштеп чыгууда адамдын жана жарандын укуктары менен

эркиндиктеринин корголушун камсыздоо эсептелет.

Мобилдик тиркемени колдонуу менен, сиз жеке маалыматтарыңызды ушул Саясатта сыпатталган түрдө топтоого, сактоого, иштеп чыгууга жана өткөрүүгө макулдугуңузду берген болосуз. Макулдукту Компанияга кайрылуу аркылуу каалаган учурда кайра чакыртып алууга болот.

2. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА ТЕРМИНДЕР

Жеке мүнөздөгү маалыматтар (жеке маалыматтар) - конкреттүү адам жөнүндө материалдык сактоочулар жазылган маалымат, ал конкреттүү адам менен окшоштурулат же окшоштурулушу мүмкүн, ушул адамды түз же кыйыр анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык түрдүүлүгү үчүн анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык идентификация үчүн мүнөздүү болгон

бир же бир нече факторго шилтеме жасоо жолу менен идентификациялоого мүмкүндүк берет.

Жеке маалыматтарга биографиялык жана таанууга арналган маалыматтар, жеке мүнөздөмөлөр, үй-бүлөлүк абалы, финансылык абалы, ден соолугу ж.б. жөнүндө маалыматтар кирет.

3. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫН СУБЪЕКТИЛЕРИ

Компания кийинки субъектилердин жеке маалыматтарын иштеп чыгат:

4. ТОПТОЛУУЧУ ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИ

4.1 Колдонуучулар тарабынан берилген маалыматтар

Биздин кызматтарды жана тиркемелерди колдонууда биз тараптан кийинкидей маалыматтар чогултулушу мүмкүн:

4.2 Кызматкерлердин жана талапкерлердин жеке маалыматтары

Кызматкерлердин жана талапкерлердин жеке маалыматтарына кийинкилер кирет:

5. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ МАКСАТЫ

Биз жеке маалыматтарды кийинки максаттарда иштеп чыгабыз:

6. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУНУН ПРИНЦИПТЕРИ

Компания өзүнүн ишмердүүлүгүндө «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун принциптеринин сакталышын камсыз кылат:

Компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, расалык, улуттук таандыктыкка, саясий көз караштарга, диний, философиялык ишенимдерге, ден соолуктун абалына байланыштуу жеке маалыматтардын атайын категорияларын иштеп чыкпайт.

7. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ҮЧҮНЧҮ ЖАКТАРГА БЕРҮҮ

Компания кийинки учурларда жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга бере алат:

Компания жеке маалыматтарды транс чек аралык өткөрүүнү ишке ашырууга укуктуу. Мында Компания маалыматтарды транс чек аралык өткөрүүнү ишке ашырууга карата коюлган бардык талаптарды «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык аткарат.

8. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ САКТОО МӨӨНӨТҮ

Жеке маалыматтар Компаниянын маалымат тутумдарында, ошондой эле кагаз түрүндөгү ташуучуларда иштелип чыгат жана сакталат.

Жеке маалыматтарды сактоо мөөнөттөрүн Компания кийинкидей талаптарга ылайык белгилейт:

9. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫН СУБЪЕКТИСИНИН УКУКТАРЫ

Жеке маалыматтардын субъектиси төмөнкү укуктарга ээ:

Жеке маалыматтардын субъектиси өзүнүн укуктарын ишке ашыруу жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн Компанияга кайрылууга укуктуу. Компания жеке маалыматтардын субъектилеринен келип түшкөн жазуу жүзүндөгү кайрылууларды жана даттанууларды карап чыгат, мыйзам бузуу фактыларын иликтейт жана аларды тез арада жоюу жана талаш жана чыр-чатактуу жагдайларды чечүү үчүн зарыл болгон чараларды көрөт.

10. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ КОРГОО

Компания жеке маалыматтарды аларга мыйзамсыз же кокусунан ээ болуу, жок кылуу, өзгөртүү, бөгөттөө, көчүрмөлөө, жайылтуу аракеттеринен, ошондой эле үчүнчү жактардын башка мыйзамсыз аракеттеринен коргоо максатында керектүү бардык уюштуруу жана техникалык чараларды көрөт.

Мындай чаралардын катарына төмөнкүлөр кирет:

11. КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫН ӨЗГӨРТҮҮ

Компания ушул Купуялуулук саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун сактап калат. Купуялуулук саясатына өзгөртүүлөрдү киргизип жатып, биз сизге бул тууралуу сайтыбызга жана/же мобилдик тиркемебизге Саясаттын жаңыланган версиясын жайгаштыруу аркылуу билдиребиз. Купуялуулук саясатындагы өзгөрүүлөрдөн кабардар болуш үчүн мезгил-мезгили менен Саясатты текшерип турууну сунуштайбыз.

12. Мобилдик тиркемеде колдонулган уруксаттар

Биздин мобилдик тиркемебиз кийинкидей уруксаттарды сурашы мүмкүн:

13. БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТТАРЫ

Эгер сизде биздин Купуялуулук саясатыбыз боюнча суроолор же сунуштар пайда болсо,

анда биз менен байланышыңыз:

"SAIMA TELECOM" ("САЙМА ТЕЛЕКОМ") ЖАК

Дареги: Бишкек ш.

Телефон: +996 708 909 000

Email: info@saimatelecom.kg

Ушул Купуялуулук саясаты жайгаштырылган мезгилден тартып күчүнө кирет жана жаңы

версиясы менен алмаштырылган учурга чейин жарактуу болуп саналат.