Авто Интернети
07.02.2014Saima4G автоунаа Интернетинин мезгили келди! Мындан ары Wi-Fi тармагын издеп кафенин жанында токтоп калуунун кажети жок, телефондо жай Интернетке көп акча коротуунун кажети жок, үйдө же жумушта гана Интернетти колдонуунун кажети жок! Революция!!! Өз унааңызга Saima4G'дан өзүңүздүн эң жогорку ылдамдыктагы Wi-Fi'ды кошуңуз. Жолдогу убакытты текке кетирбеңиз!
«SAIMA TELECOM» компаниясы Абоненттерге анда өтө көп убакыт, дээрлик бүтүндөй өмүр өтүп жаткан Автоунаада жогорку ылдамдыктагы зымсыз 4G Интернетин колдонуу үчүн жаңы чечимди сунуштайт! Жашоо кызыксыз жана «тузсуз» болбошу үчүн, жүргүнчү болгондо же жол тыгындардында турганда Абонент дайыма ыңгайлуу жана ылдам Saima4G Интернети менен зымсыз Wi-Fi роутер менен колдонуп жана жеңил эле эчак тааныш баракчага кирип, жаңылыктарды же каттарды алып, жагып калган сүрөткө комментарий калтырып, жакшы коргон радистанцияны онлайн угуп, өнөктөшүнө skype боюнча чалып же жөн гана GPS-навигатордо маршрутту түзө алат!
«Унаага Wi-Fi» комплекти ыңгайлуулукка көнүп калган жана бардык болгон жерлеринде Wi-Fi тармагын түзүүгө объективдүү каалоосу бар колдонуучуларга абдан ылайыктуу. Батирден, дачадан, жумуш ордунан баштап жана унаа менен аяктаганда. Бул студент үчүн да, бош эмес бизнесмен үчүн да идеалдуу туура келет.
«Унаага Wi-Fi» комплектине Huawei E5776 сертификацияланган модеми жана Saima4G тарифтик планы менен сим-карта кирет, тарифтик планды абонент Saima4G тарифтеринин стандартуу линейкасынан тандай алат.
Saima4G тарифтик пландары менен бул жерден таанышсаңыз болот.
Wi-Fi Роутеринин мүнөздөмөсү менен кененирээк бул жерден таанышсаңыз болот.