«Пирамида» телеканалынын жабылышы тууралуу
24.10.2023Урматтуу абоненттер,
Сиздерге 2023-жылдын 1-ноябрынан тарта «Пирамида» телеканалы жабыла тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз. Анын ордуна «Лёва» телеканалы трансляцияланмакчы.
Балдарга арналган «Лёва» телеканалы ата-энелер менен бирге бөбөктөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Балдар үчүн психологдор, эрте өнүктүрүү боюнча адистер жана жөн гана камкорчу ата-энелер биригип, уникалдуу контент менен популярдуу каналды жаратышкан. Телеканалдагы шоулар менен телеберүүлөр жаш ата-энелерге наристесин гармония, саламаттык ичинде жана бактылуу чоңойтууга жардам берет.