saima logo
RU KG
Saima4G тармакты кубаттандырат!

Saima4G тармакты кубаттандырат!

02.04.2015

Компания SAIMA TELECOM сервердик тармак жабдууларын жаңыртуу жөнүндө маалымдайт.
Жүргүзүлгөн иштердин жана жаңы жабдууларды орнотуунун натыйжасында издөө жана видео мазмунуна жетүүнүн ылдамдыгы жана ишенимдүүлүк параметрлери кыйла жогорулады.

Биз туруктуу кардарларыбызга пайдалуу интернет-жеткиликтүүлүк шарттарын сунуштоо менен ар дайым кам көрөбүз! Айрыкча активдүү интернет-колдонуучулар үчүн SAIMA TELECOM компаниясы 60, 90 жана 180 күндүк Интернет-абонементтерди ишке киргизди, аларга ылайык Saima4G абоненттери «Баарлашуу», «Геймер», «Эркиндик» жана «VIP-Статус» тарифтик пландарында ай сайын төлөнүүчү абоненттик төлөмдөрдөн 25% га чейин арзандатууларды ала алат.

Saima4G - Кыргызстандагы биринчи LTE технологиясы боюнча 4G зымсыз интернет тармагы. Камтуу аймагынын чегинде маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгы – 100 Мбит/сек чейин камсыз кылынат.