saima logo
RU KG
4G модемине супер баа!

4G модемине супер баа!

04.03.2015

Өзгөчө шаардын чок ортосунда жайгашкан жогорку ылдамдыктагы Saima4G интернетине байланышууну каалагандардын бардыгы үчүн биз жагымдуу сюрприз даярдадык – 4G модемдерге эң сонун баа, ал 2000 сомду түзөт!

Мыкты баалар, жогорку сапат жана Saima4G модемдеринин ишенимдүүлүгү – бул сатып алууга жана ылдам Saima4G интернетине дал азыр кошулууга сонун себеп!

Модем менен толукталып, Абонент "Геймер-Box" тарифтик планы бар сим-картаны алат. Тариф интернетте активдүү убакыт өткөргөндөргө арналган: онлайн оюндарын ойноп, фильмдердин жаңыларын жүктөп, Интернет радиосун угуп, Интернет аркылуу видео-роликтерди жана сүрөттөрдү алмашкандарга. Интернетке кирүү ылдамдыгы күндүз 3,5 Мбит/сек чейин, ал эми түнкүсүн чексиз. Мында кабыл алынган жана берилген маалыматтардын көлөмү боюнча чектөө жок.

Бул акцияга төмөнкү моделдер катышат:
1) Модем Saima LTE
Комплекттин наркы (30 күндүк "Геймер-Box" ТП менен модем + сим-карта) 3400 сомду түзөт

2) Модем Saima LTE Wi-Fi
Комплекттин наркы (30 күндүк "Геймер-Box " ТП менен модем + сим-карта) 4200 сомду түзөт

Saima4G'дан 4G модем менен зымсыз Интернетти колдонуу абдан жөнөкөй жана пайдалуу. Модемди компьютерге туташтырып, программалык камсыздоонун автоматтык орнотулушун күтүп, эки мүнөттөн кийин Интернетте болосуз.

Шашылыңыз акция 2015-жылдын 18-мартына чейин гана жана "Айчүрөк" ЦУМ соода борборунда гана иштейт.