Интернет жана тарифтер маселелери боюнча абоненттердин кайрылууларына жооп катары
11.10.2016Акыркы мезгилде Казак провайдерлеринен интернет-каналды сатып алуу шарттарын өзгөртүү маселеси талкууланып жатат, алар күтүлбөгөн жерден сатып алуу наркын 2 эседен ашык көтөрүштү. Өткөн жумада бир нече маалымат булактарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда болуп өткөн келишимдер тууралуу маалымат пайда болду. Алар бул келишимдерге ылайык, баалар мурунку сандарга кайтып келет деп ырасташат. Чындыгында мындай эч нерсе болбойт. Биз тараптан дайыма жаңы баа боюнча сунуштар суралып турат, бирок казак интернет-провайдерлеринин бири да бизге сунуш менен жооп бербейт. Эске салсак, биздин компания үчүн нарктын өзгөрүшү 2016-жылдын 1-августунан бери болгон.
Ошондой эле, биз бир катар тарифтик пландардагы өзгөрүүлөргө комментарий бергибиз келет. Биздин оферта келишимине ылайык, Оператор тарифтик пландарды бир тараптуу карап чыгуу жана өзгөртүү укугун өзүнө калтыраарын баары билет. Бул оферта келишиминдеги №4.10 пунктунда көрсөтүлгөн, аны бул жерден көрө аласыз. Белгилей кетүүчү нерсе, биздин компания узак убакыт бою (болжол менен 5 жыл) доллардын курсу олуттуу өзгөргөнүнө карабастан, тарифтик пландарды кайра карап чыккан эмес. Ошентип, биз Сизден түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөбүз, анткени өзгөрүүлөр логикалуу, базардагы атаандаштык сунуштарынын чегинде кала берет жана алардын сөзсүз артыкчылыктары бар.
Сизге түшүнүүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз,
Сиздин оператор Saima Telecom