ЖАБДУУ
-
3450 c
Роутер Wi-Fi TP-LINK EX141
-
3900 c
Android TV Box ТВ-приставкасы
Wi-Fi'дын эки диапазону —2,4 ГГцге 300 Мбит/с чейин, 5 ГГцге 1201 Мбит/с чейин.
Ылдамдыкты жоготпостон көбүрөөк кошулуулар - Wi‑Fi'дын алтынчы мууну кошуунун жогорулатылган ылдамдыгын жана бир убакта кошулган орнотмолордун санын камсыздайт.
Жабуунун чоң аянты — Beamforming технологиясына жана төрт антенналарга байланыштуу сигналды кабыл алуу алыс жайгашкан орнотмолордо да жакшы болот.
EasyMesh технологиясы — бул технологияны колдогон ар кандай өндүрүүчүлөрдүн ар кандай орнотмолорунан бирдиктүү Mesh‑тармакты түзүүгө шарт түзөт.
Жогорулатылган коргоо — тармактар аралык экранга жана WPA3 шифрдөө стандартына байланыштуу.
Aginet тиркемеси — бир нече мүнөт ичинде орнотмону жөндөөгө шарт түзөт.
Аралыктан башкаруу — TR‑069, TR‑098, TR‑181, TR‑111 жана TR‑143 протоколдору аркылуу.
*Жабдуунун жоопкерчиликтүү сактоого берилиши КР жарандарына гана жеткиликтүү
Интерактивдүү ТВ кѳрүү үчүн алдын-ала орнотулган тиркемеси бар медиаплеер.
Android TV Box жардамы менен катардагы эӊ жѳнѳкѳй телевизор SMARTка айланып, чыныгы жардамчы боло алат! Интерактивдүү кызматтар убакытты кѳзѳмѳлдѳѳ жана эфирди ѳз алдынча башкаруу мүмкүнчүлүгүн берет!
Ар башка 5 түзүлүштѳн (ПК/ноутбук, планшет, телефон) бир эле приставкага кошумча абоненттик тѳлѳмсүз кошулуӊуз жана сизге тѳмѳнкүлѳр жеткиликтүү болот:
Эӊ популярдуу телеканалдар — мыкты спорт, балдар, фильм, музыка жана илимий-таанып билүү каналдары!
«Так убакыт» — так күн жана убакыт жѳнүндѳ маалымат берет.
«ТВ гид» — телеканалдардын берүүлѳрүнүн программасы.
«Тандаган телепрограмма кѳрсѳтүлѳ турган убакыт жѳнүндѳ эскертүү» — тутум сүйүктүү программанын башталганы тууралуу эскертип, керектүү телеканалга которууну сунуштайт.
«Тандалган каналдардын топтомун түзүү» — сүйүктүү телеканалдардын ыӊгайлуу ырааттуулук боюнча түзүлгѳн тизмеси.
«Пауза» — түз эфирди ѳткѳрүп жиберүү боюнча тынчсыздануунун кереги жок! Эми аны паузага коюп, ыӊгайлуу убакта кѳрүүгѳ болот!
«Артка түрдүрүү» — телеберүүнүн эӊ жакшы бѳлүктѳрүн эфирди артка түрдүрүп, кайра кѳрүп чыгууга болот!
«Телеберүүлѳрдүн архиви» — эми сүйүктүү сериалдын, фильмдин же берүүнүн ѳткѳрүп жиберген эфирин таап алуу ѳтѳ оӊой! Каалаган нерсеӊди каалаган убакта кѳрүү – эӊ чоӊ ырахат!
«Үй Кинотеатры» — кѳптѳгѳн кызыктуу контенттерди сунуштаган 3 ири видеосервер:
• START –кѳпчүлүгү телевидениеде премьералык кѳрсѳтүүдѳн мурда бул кинотеатрда чыккан укмуштуудай кѳп сериалдар. Эӊ башкысы – контент толугу менен мыйзамдуу, мыкты сапатта жана балдар аудиториясы үчүн коопсуз экенинде. Видеосерверде эч кандай жарнама кѳрсѳтүлбѳйт жана жадатма терезечелер чыга бербейт, ошондой эле бир нече жеке профиль түзүп койсо да болот.
• О!Кино – актуалдуу контенттин дайыма жаӊыланып туруусу менен 10 000ден ашуун фильмди эркин жана жарнамасыз кѳрүү мүмкүндүгү. Бул видеосервистеги контент ар түрдүү аудиторияга багытталган. Сурдокотормо (жесттер менен которуу) жана тифлокомментарийлер (фильмдин визуалдуу образдарын сѳз менен сүрѳттѳѳ) менен дагы телеберүүлѳр бар.
• «YouTube» — түз эле телевизордон видеохостингге эркин чыгуу. Эми пультту бир эле басуу менен сүйүктүү клиптер, роликтер, блогдор жана влогдорду кѳрѳ аласыз!