saima logo
RU KG
Кызматтарды кѳрсѳтүү тартиби

Ошондой эле O!STORE дүкөндөр тармагында кошулууга арызды калтыра аласыз.

БИЗ СОЦИАЛДЫК ТҮЙҮНДѲРДѲ БАРБЫЗ:

КӨП БЕРИЛҮҮЧҮ СУРООЛОР

  • Роутерди өз алдынча кантип ырастаса болот?

    WI-FI роутерди өз алдынча ырастоо үчүн шилтемени басыңыз:

    1. Настройки роутера Archer C54

    2. Настройка роутера TP Link WR840N и WR841N

  • Кошуу үчүн өтүнмөнү кантип калтырса болот?

    Кошулууга арызды бир нече ыкмалар менен калтырууга болот:
    1) Компаниянын https://www.saimatelecom.kg/ башкы баракчасындагы форманы толтуруу;
    2) Бизге Telegram/WhatsApp аркылуу жазуу: 0708 909 000;
    3) 0706 909 000, 0554 909 900 0708 909 000 телефондоруна чалуу;
    4) Компаниянын кеңсесине кайрылуу.

  • Мен жашаган дарек боюнча кошуу мүмкүнчүлүгү барбы?

    1)Техникалык мүмкүнчүлүк тууралуу 0706 909 000, 0554 909 900 телефондору боюнча Байланыш борборуна кайрылып, же болбосо Telegram/WhatsApp: 0708 909 000 номерине жазып маалымат ала аласыз.
    2) Сиз кошуу мүмкүндүгүн сайттан өз алдынча текшере аласыз. Бул үчүн башкы баракчага кирип, «ҮЙҮҢҮЗ SAIMA’га КОШУЛГАН ЖЕ КОШУЛБАГАНЫН ТЕКШЕРИҢИЗ» блогунан кийинки саптарды толтуруңуз: область, калктуу пункт, көчө, үй. Андан соң «ОК» баскандан кийин көрсөтүлгөн дарек боюнча кошуу мүмкүндүгү тууралуу маалымат камтылган плашка чыгат.

  • Зымдуу интернетти кошуу канча турат?

    Баасы индивидуалдуу эсептелет. Эсептеп чыгуу 3 жумуш күнүнөн 5 жумуш күнүнө чейинки убакытты талап кылат. Эгер Сиздин дарек акциялык тизмеге кирсе анда кошулуу АКЫСЫЗ болот.Болгону тандалып алынган тарифтик план боюнча абоненттик төлөм менен зарыл болгон учурда кошумча жабдуу үчүн (ТВ-приставка, Wi-Fi роутер) төлөмдү ишке ашыруу талап кылынат.

  • Кошуу үчүн канча убакыт талап кылынат?

    Көп кабаттуу үйлөрдө кошуу - 5 жумуш күнүнөн баштап, жеке сектордо кошуу мөөнөтү - 10 жумуш күнүнөн баштап.

  • Трафик боюнча чектөө барбы (жүктөө босогосу)?

    Зымдуу интернеттин тарифтик пландарынын баарында трафик боюнча эч кандай чектөө жок. Сизге чексиз колдонуу мүмкүндүгү берилет, тарифиңиздин шарттарына ылайык ылдамдык боюнча гана чектөө болушу мүмкүн.

  • Тарифти качан жана кантип өзгөртсө болот?

    Тарифтик планды алмаштырууну биздин сайттагы жеке кабинетте же Мой О! тиркемесинде кийинки эсептешүү айынын 1ине чейин же биздин компаниянын кеңсесине кайрылуу менен пландаштырууга болот. Толук консультация алуу үчүн күнү-түнү иштеген Байланыш борборуна: 0 706 909 000, 0 554 909 900 номерлери боюнча кайрылыңыз.

  • Жеке кабинетти кантип колдонот?

    Жеке кабинетке кирүү үчүн келишимде көрсөтүлгөн логиниңизди, башкача айтканда өздүк эсебиңиз менен сырсөздү киргизиңиз.
    Эгер сырсөздү унутуп калсаңыз, биз менен байланышыңыз.

    Жеке кабинеттен төмөнкү аракеттерди аткара аласыз:

    - балансты текшерүү;
    - кызматтарды кошуу/өчүрүү;
    - тарифтик планды алмаштырууну пландоо;

  • «Saima+O! TV КҮЙГҮЗ» тарифтик пландарында кинотеатрды кантип кошууга болот?

    Катталууну O!TV мобилдик тиркемесинен же телевизордон О!Кино, START, AMEDIATEKA, ETNOMEDIA, WINK, Premier, RizaNova. жаккан фильмди же сериалды басуу менен жолжоболоштуруу керек. 

    Сизге кызматты кошуу сунуш кылынып, абоненттик төлөм алынгандан кийин кызмат жеткиликтүү болот.

  • ТВ-приставка канча турат?

    ТВ-приставканын баасы 4490 сом. Ал эми телевизоруңузда Smart TV орнотулган болсо, анда ТВ-приставка албай эле койсо болот, бирок муну адис текшерүүсү зарыл.

  • Канча канал бар?

    220дан ашык ТВ-каналдар.

  • Интернет иштебей же жай иштеп жатса эмне кылуу керек?

    Эгер интернетиңиз жоголуп кетсе, төмөнкү нускамаларды аткаруу менен WI-FI роутерди өчүрүп, кайра күйгүзүңүз:

    TL-WR840N өчүрүп, кайра күйгүзүү
    WI-FI роутерди өчүрүп, кайра күйгүзүү үчүн төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу зарыл:
    WI-FI роутерди электр камсыздоосунан 30 секундга ажыратып, кайра күйгүзүңүз, же болбосо WPS/RESET баскычын көпкө кармабастан бир жолу басыңыз.
    Маанилүү! WI-FI роутерди ырастоо учурунда өзгөртүүлөрдү сактап коюу максатында өчүрүп кайра күйгүзүүнү башкаруу панели аркылуу гана аткарыңыз.

    TL-ARCHER C24 өчүрүп, кайра күйгүзүү
    WI-FI роутерди өчүрүп, кайра күйгүзүү үчүн төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу зарыл:
    WI-FI роутерди электр камсыздоосунан 30 секундга ажыратып (сол жактагы 1-разъем/POWER), кайра күйгүзүңүз, же болбосо оң жактагы четки WPS/RESET баскычын көпкө кармабастан бир жолу басыңыз.
    Маанилүү! WI-FI роутерди ырастоо учурунда өзгөртүүлөрдү сактап коюу максатында өчүрүп кайра күйгүзүүнү башкаруу панели аркылуу гана аткарыңыз.

    TL-ARCHER C54 өчүрүп, кайра күйгүзүү
    WI-FI роутерди өчүрүп, кайра күйгүзүү үчүн төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу зарыл:
    WI-FI роутерди электр камсыздоосунан 30 секундга ажыратып (сол жактагы 1-разъем/POWER), кайра күйгүзүңүз, же болбосо оң жактагы четки WPS/RESET баскычын көпкө кармабастан бир жолу басыңыз.

    Маанилүү! WI-FI роутерди ырастоо учурунда өзгөртүүлөрдү сактап коюу максатында өчүрүп кайра күйгүзүүнү башкаруу панели аркылуу гана аткарыңыз.

  • Интернеттин ылдамдыгын кантип текшерсе болот?

    Интернеттин ылдамдыгын текшерүү үчүн интернет-кабелди WI-FI роутерден сууруп алып, компьютерге туташтыруу зарыл. Браузерден сайттын https://www.speedtest.net/ дарегин киргизиңиз же шилтемени басыңыз, тегерекчени басып, натыйжаны күтө туруңуз. Интернетиңиздин ылдамдыгы тарифтик планда көрсөтүлгөн ылдамдыктан төмөн болсо, өзүңүз үчүн ыңгайлуу ыкма аркылуу келип чыккан көйгөйдү толук сыпаттоо менен Байланыш борборуна кайрылыңыз.

  • Эмне үчүн роутерди өчүрүп, кайра күйгүзүү керек?

    Зымсыз түйүндө чыккан жогорудагы көйгөйдү чечүүнүн эң туура жолдорунун бири – роутерди өчүрүп, кайра күйгүзүү. Себеби, иштөө процессинде мезгил-мезгили менен маалымат өткөрүүдө көйгөйлөр келип чыгат жана роутер аларды өз алдынча чече албайт. Өчүрүп, кайра күйгүзгөндөн кийин Интернетке кайра туташуу ишке ашып, түйүндөгү калган протоколдор жаңыланат.

  • Үйдөгү Wi-Fi-роутерди орнотуу үчүн эң ылайыктуу жер

    Колдон келсе, Wi-Fi роутерди батирдин Wi-Fi колдонуу пландалып жаткан бөлүктөрү түз көрүнө турган (мүмкүн болушунча) жерлерге орнотуу зарыл. Бул көбүнчө ортоңку бөлмө же коридор болот. Роутер менен Wi-Fi роутердин ортосундагы дубалдардын санын максималдуу азайтуу керек жана сигналдын жолунда металл курулмалар (сейф, компьютер ж.б.) же күчтүү нурлануусу бар приборлор (компьютер, жаңы үлгүдөгү телевизор, микротолкундуу меш ж.б.) болбоого тийиш. Мүмкүн болсо, роутерди колдонулган түзүлүштөр менен бир деңгээлде жайгаштырып, антеннасын жогору көздөй вертикалдуу каратуу зарыл. Эң кубаттуу роутер дагы алыс жайгашкан бөлмөгө сигнал жеткире албаган учурда кошумча маршрутизатор коюлат. Аны негизги түзүлүштөн зым аркылуу мүмкүндүк алуу чекити (Access point) режиминде туташтырып, ылдамдыкты жоготпостон камтуу зонасын чоңойто аласыз. Ал эми кабелди өткөрүү мүмкүн болбой жатса, маршрутизаторду Wi-Fi түйүнүнүн кайталоочусу (repeater) режимине ырастоого болот, бирок туташуунун мындай түрү алыс жайгашкан бөлмөдөгү ылдамдыкты жок эле дегенде 2 эсе төмөндөтөт.