saima logo
RU KG
-

O!TV тиркемесин Smart TVден кантип ырастаса болот?

31.10.2023

Эгер сиздин телевизоруңуз Smart TV менен иштесе, анда О!TV тиркемесин көчүрүп алып, ТВ-приставка жөнүндө ойлонбой эле койсоңуз болот.

Азыр биз сизге Smart TVден O!TV тиркемесин ырастоо жолдору тууралуу айтып беребиз. Баштапкы ырастоону аткарган учурда алгач тилди тандап, андан кийин телевизоруңузду интернетке кошосуз.

Аймакты туура тандоо абдан маанилүү. Биздин өлкөбүз үчүн КМШ аймагы туура келет. Баарын жүктөгөндөн кийин, тиркемелер дүкөнүнө кирип, O!TV тиркемесин көчүрөсүз.

Биринчи иштегенде тиркеме логин менен сырсөз сурайт. Логин менен сырсөздү Saima абоненттери  Saima Telecom компаниясынын адистеринен сурап-биле алышат.

Ал эми O!TV кошулган болсо, жогорку сол жакта сырсөз көрсөтүлгөн болот.

Болгону ушулар эле. Мобилдик телевидениенин сыйкыры иштейт. 200дөн ашуун телеканал Кыргызстандын бардык областтарында, интернет бар бардык жерлерде жогорку сапатта жеткиликтүү.

Сиз SaimaTelecom’дон интерактивдүү телевидение каралган тарифти кошуп алсаңыз болот. Тарифтер менен шилтемеден таанышып чыгыңыз.