saima logo
RU KG
-

Wi-Fi сырсөзүн кантип билсе болот жана сырсөздү унутуп калган учурда эмне кылыш керек?

01.11.2023

Wi-Fi-роутердин сырсөзү ар дайым керек: байланыш бар болсо эле болду деп ойлогон туура эмес. Wi-Fi түйүнүнө жаңы компьютер, планшет кошо турганда, же үйгө конок келип, интернетке кирүү мүмкүндүгүн сураганда сырсөз керек болот.

Wi-Fi-роутердин сырсөзү унутулуп, эстей албай калган учурлар көп эле кездешет. Адатта сырсөздү провайдер батирге интернет-кабелди өткөрүп, байланышты кошуп жаткан учурда берет. Кээде сырсөз бир-эки жылдан кийин гана керек болушу ыктымал.

Эгер сиз сырсөзүңүздү унутуп калсаңыз, аны кайдан табууга боло турганын айтып беребиз.

Wi-Fi-роутердин сырсөзүн билүүнүн төрт ыкмасы:

1.     Роутерден караңыз

Провайдер роутерди ырастап жатканда, анын заводдук сырсөзүн алмаштырбаган учурда колдонулган ыкма. Кантип караса болот?

Роутерди алып, андагы заводдук чаптаманы караңыз. Анда «Имя пользователя» же Login — текст же цифралардын катары орун алган. Логин ошол болот. Ал эми «Пароль» же Password сырсөздү билдирет.

Эми Wi-Fi түйүнүнө кошо турган түзүлүштү алыңыз. Ырастоолорго, андан ары «Сеть и интернет» бөлүмүнө кирип, өзүңүздүн түйүнүңүздү табыңыз да, «Подключиться» дегенди басыңыз. Пайда болгон бош жерге роутердеги чаптамада жазылган сырсөздү жазып, аны тастыктаңыз.

Эгер интернетке кошула алсаңыз, демек Wi-Fi түйүнүнүн сырсөзү заводдук сырсөз. Кошула албасаңыз, анда аны провайдер өзгөрткөн.

2.     Смартфондон кароо

Бул ыкма Android менен иштеген смартфондор үчүн ылайыктуу.

Смартфондон сырсөздү караш үчүн «Проводник» же башка файлдык менеджерди ачыңыз. Эгер ылайыктуу тиркемелер жок болсо, анда аларды Google Play’ден көчүрүп алыңыз. Мисалы,  SuperSU же Total Commander.

Data папкасын табыңыз. Андан ары data/misc/wifi/ өтүңүз. Ал жерден conf. кеңейтмеси менен файлды таап, аны ачыңыз. Ал консолдон текст түрүндөгү файл болуп ачылат.

Ssid сабын табыңыз — жанында зымсыз түйүндүн аты жазылат. Эми PSK тилкесин табыңыз — анын маңдайында Wi-Fi сырсөзү орун алган.

Зымсыз интернетке кошулууда ушул сырсөздү жазыңыз.

3.     Компьютерден кароо

Эгер сиз компьютерден же ноутбуктан Wi-Fi  колдонсоңуз, сырсөздү бул девайстардан карай аласыз.

«Пуск» баскычын басып, «Параметры» дегенди басыңыз. «Сеть и Интернет» пунктун ачыңыз.  «Состояния» деген бөлүмгө киресиз. Баракчаны ылдыйраак түшүрсөңүз, «Центр управления сетями и общим доступом» деп чыгат. Аны басыңыз.

Сиз ырастоолорго киресиз. Өз түйүнүңүздүн атын таап, аны басыңыз. Дагы бир жолу кошумча терезе ачылат. Кош басуу менен «Свойства беспроводной сети» дегенди ачыңыз. Дагы эки вкладка менен терезе ачылат. «Безопасность» вкладкасын тандаңыз.

«Ключ безопасности сети» деген аталыштагы сап менен сырсөздү табасыз. Сырсөз чекиттер менен шифрленген болот. Вкладканы жаппай туруп, «Отображать вводимые знаки» дегендин маңдайындагы чекбокско чымчыкча коюңуз. Шифрленген сырсөз символдордун, тамгалардын жана цифралардын топтомуна айланат. Аны компьютериңизге көчүрмөлөп же жазып алыңыз.

Эми Wi-Fi түйүнүнө кошула аласыз.

4.     Роутердин ырастоолорунан кароо

Ырастоолорго кириш үчүн кайра роутерди алып, аны оодарып, заводдук чаптамасынан IP Address, IP же «Доступ по умолчанию» деген жазууларды табыңыз. Жанында цифралар менен чекиттердин ыраатын көрөсүз.

Ноутбуктан же компьютерден браузерди ачып, браузердин дарек жазылуучу сабына цифралар менен чекиттердин ыраатын жазыңыз да, клавиатурадан Enter баскычын басыңыз.

Роутердин ырастоолорунун терезеси ачылат. Авторизация формасына чаптамада көрсөтүлгөн роутердин логини менен сырсөзүн жазыңыз.

Авторизацияланган соң, роутердин ырастоолоруна киресиз. Ал жерден менюдагы Wi-Fi пунктун, «Беспроводная сеть», «Защита беспроводного режима» же ушуга окшош вкладканы табасыз. Аталышы өндүрүүчүнүн маркасына жараша айырмаланат.

Менюдан «Пароль беспроводной сети», Wireless Password, «Ключ WPA-PSK», «Ключ шифрования PSK» же  «Ключ сети» пунктун табыңыз. Бул жерде Wi-Fi сырсөзү көрсөтүлгөн. Аны көчүрүп, сүрөткө тартып же жазып алыңыз.

Жогорудагылардын эч кайсынысы жардам бербесе эмне кылыш керек?

Бир гана жолу калат — роутердин ырастоолорун баштапкы абалга келтирип, роутердин корпусунун түбүндөгү чаптамада жазылган заводдук сырсөздү колдонуш керек.

Муну ишке ашырыш үчүн, роутерди алып, жанында Reset деген жазуусу бар баскычты басыңыз.

Роутер өчүп кайра күйөт. Эми бардык ырастоолор заводдук ырастоолорго кайтты. Анын ичинде сырсөз дагы бар. Wi-Fi түйүнүнө кошулуу үчүн ошол сырсөздү колдонуңуз.