saima logo
RU KG
Көп кабаттуу үйдөгү батирге жана жеке турак-жайга кандай интернет ылайыктуу

Көп кабаттуу үйдөгү батирге жана жеке турак-жайга кандай интернет ылайыктуу

31.10.2023

Интернетке туташуудан мурун интернет эмне үчүн керек экенин жана канча түзүлүш кошула турганын, кызматтын баасын аныктап алуу зарыл.

Азыркы учурдагы интернет-туташуунун ылдамдыгы бир секундадагы мегабайттар менен эсептелет. Ылдамдык канчалык жогору болсо, туташуу ошончолук туруктуу болот. Мындан тышкары, ылдамдык  эки негизги параметрге бөлүнөт – көчүрүү ылдамдыгы жана көчүрүлгөн файлды жиберүү ылдамдыгы. Көп учурда провайдерлер биринчи гана параметрди көрсөтүшөт. Себеби, бул параметр колдонуучулар тарабынан көбүрөөк колдонулат – видеороликтер менен файлдарды көчүрүшөт, фотосүрөттөрдү, фильмдерди көрүшөт, оюн ойношот. Кадимки күнүмдүк максаттарга минималдуу төлөм менен болжолдуу 70 мбит/сек ылдамдык жетиштүү. Эгерде дайыма  көлөмдүү сервистерди колдонуу, оор файлдарды көчүрүү зарылдыгы болсо, анда интернеттин ылдамдыгы кыйла жогору Тарифтик Пландарды караштыруу талап кылынат.

Ылдамдык үйдөгү кошулган ПК, планшет, смартфон, ТВ, ноутбук сыяктуу түзүлүштөрдүн баарына бирдей бөлүштүрүлө турганы эске алынууга тийиш. Бир айлык же бир жылдык абоненттик төлөм трафиктен көз каранды.  

Контентти керектөө үчүн талап кылынган интернеттин болжолдуу ылдамдыгы:

Контентти керектөө

Интернеттин болжолдуу ылдамдыгы

Стримингдик сервистен тасмаларды көрүү — 4K

 35-65 Мбит/с

Стримингдик сервистен тасмаларды көрүү — Full HD

10—20 Мбит/с 

Онлайн-оюндар

5—25 Мбит/с

«Ютубдан» видеолорду көрүү — сапаты Full HDден төмөн эмес

 5—20 Мбит/с 

Веб-серфинг

 3—5 Мбит/с

Видеочалуулар

 3—5 Мбит/с

Мессенджерлер аркылуу жазышуулар

1—3 Мбит/с

Интернетке туташуу жолдору – кайсынысы жакшы?

Интернетке туташуунун бир нече ыкмасы бар. Алардын негизгилери – зымдуу жана зымсыз туташуу. Биз оптикалык була + сапаттуу Wi-Fi роутер аркылуу зымдуу интернет жакшы деп эсептейбиз.

- Оптикалык була боюнча туташтыруу кандайча ишке ашырылат:

Була-оптикалык кабель Сиздин үйүңүзгө түз кошулат. Бул болсо, сутканын бардык убакыттарында ишенимдүү сигнал менен көрсөтүлгөн кызматтардын жогорку сапатын кепилдейт. Сигнал үйүңүздө орнотулган сырткы жабдууга кошумча ортодогу жабдуулардын катышуусу жок оператордун станциясынан түз келет. Натыйжада сигналдын сапаты жакшырып, анын башка факторлордон (ортодогу жабдууда жарыктын өчүрүлүшү, ортодогу жабдууда сигналдын жоголушу ж.б.) көз карандысыздыгын камсыздайт.

 

- Ыкманын артыкчылыгы – интернеттин туруктуулугу менен ылдамдыктын жогорулугунда. Башка түзүлүштөргө интернет Wi-Fi сигналы аркылуу берилет. Дагы бир түрү – оптикалык була аркылуу туташуу. Мазмуну окшош эле, бирок була-оптикалык кабель кыйла заманбап жана көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер менен жеке турак-жайлар үчүн оптималдуу чечим болуп саналат.  

 

- SIM карта менен USB-модем

Мобилдик операторлор көп учурда интернетке кирүүнүн эң жөнөкөй түрүн сунушташат – бул 3G жана 4G (lte) тарифтери менен вариант. Бул типти тандоодо жашаган аймагыңыздагы ишенимдүү уюлдук түйүндү алдын ала изилдеп чыгып, сигнал жакшы болушу үчүн түйүндүн камтуу картасын текшерүү зарыл.

- Мындан тышкары, интерактивдүү телевидениени кошуп алса болот. Телевидение ТВ-приставканын жардамы менен кошулат. Туруктуу сигнал үчүн эреже бар – канчалык жогору болсо, ошончолук жакшы. Өтө кымбат эмес баага бир топтомдун ичинде көптөгөн каналдар берилет. Компаниянын адистери Сиздин каалооңузга жараша, керектүү тарифтик планды тандоого жардам беришет.

Төмөнкү жолдорду колдонуп, дароо биз менен байланышыңыз, Сиз үчүн ыңгайлуу тарифти тандоого жардам беребиз:

- 0708 909 000 номерине чалуу же WhatsApp/Telegram аркылуу жазуу;

- «Мой О!» тиркемесиндеги Saima Telecom бөлүмүнөн;

- saimatelecom.kg сайтыбыздан;

- Чүй пр., 111а дареги боюнча башкы кеңсебизден;

- O!Store дүкөндөрүнүн биринен.