Archer C54 роутеринин ырастоолору
01.11.2023Роутер күйгүзүлгөндөн кийин дароо Wi-Fi түйүнүн тарата баштайт. Ага бардык түзүлүштөрдөн: ноутбуктан, смартфондон, планшеттен ж.б. туташууга болот. Кошулган түзүлүштөн эле ырастоону аткара аласыз. Wi-Fi түйүнүнүн заводдук атын (SSID) жана сырсөздү Archer C24 же Archer C54 роутеринин түбүндөгү чаптамадан таба аласыз.
Жөн гана түзүлүшүңүздөн бул түйүндү тандап, заводдук сырсөздү киргизүү менен туташа аласыз. Ошондой эле Archer C54 роутеринин түбүндөгү чаптамада Wi-Fi түйүнүнө кошулуу үчүн QR-код орун алган. Смартфонуңуздун камерасын QR-кодго багыттасаңыз эле, түйүнгө кошулууну сунуштайт. Роутерге туташкандан кийин кошулган түзүлүштөн браузерди ачып, http://tplinkwifi.net дарегине кирүү талап кылынат. Маанилүү! Даректи издөө сабына эмес, браузердин дарек жазылуучу сабына киргизиш керек. Администратордун сырсөзүн түзүү сунушу менен роутериңиздин баракчасы ачылышы керек. Ачылса, баарын туура аткарган болосуз. Сырсөз ойлоп таап, аны эки жолу көрсөтүү зарыл. Бул Wi-Fi түйүнүнүн сырсөзү эмес! Бул роутердин ырастоолору жайгашкан баракчаны коргой турган сырсөз. Аны сөзсүз бир жерге жазып алыңыз. Эгер унутуп калсаңыз, роутердин ырастоолоруна кире албай каласыз да, ырастоолорду баштапкы абалга келтирүү зарылдыгы пайда болот.

"Приступим к работе" баскычын баскандан кийин тез ырастоо мастери ачылат. Анын жардамы аркылуу бир нече кадам менен эле керектүү бардык ырастоолорду жөндөп койсо болот.
Биринчи кадам – сааттык алкак.

Андан ары роутер өлкөнү, шаарды, Интернет-провайдерди жана туташуунун тибин тандоону сунуштайт. Аларды тандайбыз. Эгер провайдер тизмеде жок болсо, "Выберите тип подключения вручную" деген жерге чымчыкча коёбуз.

Интернетке туташуу тибин PPPoE/PPPoE Россия деп тандайбыз, жолжоболоштуруу же кошуу учурунда провайдердин кызматкери берген колдонуучунун аты менен сырсөздү киргизебиз.

Кийинки кадам – WI-FI түйүнүн ырастоо. Бул жерде баары оңой эле аткарылат. Роутер эки диапазондуу болгондуктан (2.4 ГГц жана 5 ГГц жыштыгында Wi-Fi таратат), ар бир диапазондо түйүндүн атын (SSID) өзгөртүп, ар бир түйүн үчүн сырсөз белгилеш керек. Бир эле сырсөз белгилесе болот. Зарылдык келип чыкса, диапазондордун биринен түйүндү өчүрүп койсо болот.
"Сохранить" дегенди басабыз.
Wi-Fi түйүнү өчүп, кайра күйгөнүн күтөбүз. Биз Wi-Fi ырастоолорун өзгөрткөндүктөн, кошулган түзүлүштөр да өчөт. Роутердин Wi-Fi түйүнүнө кайра туташуу зарылдыгы келип чыгат.
Эгер сиз роутерге кайра туташып, "Подключено" баскычын бассаңыз, анда ырастоо аягына чыккандыгы тууралуу билдирүү пайда болот. "Завершить" баскычын бассаңыз, роутердин ырастоолору орун алган башкы баракча ачылат.

Бул жерден интернетке кошулуунун статусун, кошулган түзүлүштөрдү карап чыкса же башка функцияларды ырастоо үчүн башка бөлүмдөргө кирсе болот.