Ноутбуктан интернет таратуу тез жана оңой
01.11.2023Бүгүнкү күндө дээрлик бардык роутерлердин WI-FI функциясы бар. Бирок кээде мындай роутер жок болуп, зымсыз байланыш аркылуу интернетке кирүү зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн. Бул учурда заманбап технологиялардын мүмкүндүктөрү жардамга келет. Интернет-провайдериңиздин зымдуу түйүнүнө кошулган ноутбуктан каалаган учурда интернет тарата аласыз.
Бул маселени чечүүнүн көптөгөн жолдору бар. Макалабыздан эң жөнөкөй жана иштеген үч ыкманы карап көрөлү:
· Буйрутма сабы аркылуу мүмкүндүк алуу чекитин түзүү.
· Адистештирилген программаларды колдонуу.
· Windows 10 ОТ үчүн өзгөчө функция.
Ыкмалардын баары бул маселени чечүүгө жөндөмдүү. Себеби жеке каалоосуңузду гана жетекчиликке аласыз. Мындан кийин ноутбуктан интернет таратуу ар бир колдонуучу үчүн мүмкүн жана ыңгайлуу болот.
Мындай жол менен WI-FI колдонууда эске алынышы талап кылынган жалгыз учур — бул таасир этүү радиусунун чакандыгында. Күчтүү WI-FI роутерлерден айырмаланып, ноутбук кенен батирдин же үйдүн бардык бурчуна жете албайт. Анткен менен, убактылуу колдонууда бул анча деле маанилүү эмес.
Ноутбуктун WI-FI түйүнү аркылуу интернет таратуу программалары
Эң функционалдуу жана ыңгайлуу деп эсептелген эки программаны бөлүп көрсөтөбүз. Булардын жардамы менен зымдуу туташуусу менен ноутбуктан интернетке кирүү чекитин кыйналбай эле түзүп алса болот. Муну менен салыштырмалуу телевизордун приставкасын ырастаган кыйла кыйынга турат. Болгону төмөнкү софттордун бирин көчүрүү жана орнотуу талап кылынат.
Connectify
Пайдалуу функциялары көп жөнөкөй жана түшүнүктүү программа. Wi-Fi аркылуу интернет таратууга арналган бул программа мындай программалардын арасынан эң жакшысы болуп саналат. Программанын акы төлөнүүчү версиясы болсо да, биздин маселебизге акысыз версиясы деле жетиштүү боло алат. Софтту көчүрүп, туташуунун атын, сырсөздү киргизесиз да интернетти колдоно бересиз. Ал эми буга кошумча, сизге жагымдуу бонус катары, жарнаманы бөгөттөгүч берилет.
Switch Virtual Router
Ноутбукту өчүрүп, кайра күйгүзгөндөн кийин маалыматтарды сактап калуу функциясы бар программа. Ишке киришүү үчүн мындан мурунку софтко карата аткарылган иш-аракеттер аткарылат: түйүндүн атын жана ага сырсөз ойлоп табасыз. Мындан тышкары, Wi-Fi аркылуу интернет таратууга арналган бул программа ноутбукту уйку режимине өткөргөндөн кийин деле ийгиликтүү иштей берет.
Интернет таратууну ырастоо
Эми мүмкүндүк алуу чекитин түзүүгө байланыштуу жогорудагы программаларга караганда кыйла татаалыраак ыкмага өтөлү. Бул үчүн буйрутма сабын ачуу зарыл, дал ушул саптан интернет таратуу ырасталат. Windows 7 ОТдан “cmd” киргизиңиз, 8 жана 10-версиялардан Windows белгисине чычкандын оң баскычын басуу менен ачылат.
Ачылган терезеден кийинки буйрутманы киргизебиз: netsh wlan set hostednetwork mode=allow ssid=»НАЗВАНИЕ СЕТИ» key=»ПАРОЛЬ» keyUsage=persistent жана Enter баскычын басабыз.
Буйрутмага карата реакцияны күтөбүз да, кийинки сапты киргизебиз: netsh wlan start hostednetwork
Андан ары ырастоону аягына чыгарып, wi-fi аркылуу интернет тарата берсеңиз болот. Бул үчүн төмөнкү пункттарды аткарабыз:
· Интернетке жалпы кирүүнүн ырастоолорун ачуу.
· “Сетевые подключения” — “Новое сетевое соединение” вкладкаларын ачуу.
· “Свойства” менюсун ачуу (чычкандын оң баскычын басуу).
· Башка колдонуучулардын кошулуусуна уруксат берүү.
· “Подключения домашней сети” деген жерден керектүү туташууну табуу.
· “Ок” басып, жеткиликтүү wi-fi түйүнүн колдоно баштайбыз.
Жана акыркы ыкма — интернетти ноутбуктан Windows 10 ОТга таратабыз. Мындай гаджеттин ээлери кошумча күч-аракет жумшабастан жана программаларды колдонбостон эле интернет тарата алышат. Бул үчүн төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу талап кылынат:
· Параметрлерден “Сеть и Интернет” вкладкасын ачабыз.
· “Мобильный хот-спот” функциясын тандайбыз.
· Түйүндүн атын жана сырсөздү киргизебиз.
· Башка түзүлүштөрдүн туташууну колдонуусуна уруксат беребиз.
· Бардык өзгөрүүлөрдү сактап коёбуз.