Бонустук сунуш
14.08.2014Урматтуу, Абоненттер! Жаңы атайын бонустук ЧЫНЫГЫ ЧЕКСИЗДИК сунушунун ишке киргизилгендиги жөнүндө кабарлоого кубанычтабыз!
Трафик боюнча эч кандай чектөө жок! Жөнөкөй зымсыз кошуу! Тез Интернет 24/7
1
Компаниянын сатуу кеңсесинде жана дилердик борборлордо колдонулган сунуш шарттары:
Абонент сатып алган учурда:
1) төмөндөгүлөрдү камтыган кошуу комплекти:
- Huawei E3276 модеми – бардыгы 3 300 сомго
- Usim-картасы - 190 сом
Абонент үчүн комплекттин жыйынтык баасы болгону 3490 сомду түзөт жана бонус катары абонентке "Чексиз 190" ТП берилет, анын ичинде 30 ырааттуу календардык күн 5 Мбит/сек чейин акысыз чексиз интернет бар!
2) кошуу комплекти төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- Huawei E5776 роутери - болгону 6 200 сомго
- Usim-картасы - 190 сом
Абонент үчүн комплекттин жыйынтык баасы болгону 6390 сомду түзөт жана бонус катары абонентке "Чексиз 190" ТП берилет, анын ичинде 30 ырааттуу календардык күн 5 Мбит/сек чейин акысыз чексиз интернет бар!
Эскертүүлөр:
* Көрсөтүлгөн мезгил (30 күн) өткөндөн кийин Абонент автоматтык түрдө компания тарабынан "Баарлашуу" ТПна которулат, мында активдештирүү "Баарлашуу"ТП боюнча бирдей абоненттик төлөмдүн тиешелүү суммасын иш жүзүндө төлөгөн учурдан тартып жүргүзүлөт. Эгерде абоненттин балансында "Баарлашуу" тарифи боюнча абоненттик төлөмдүн бирдей же чоң суммасы болсо, анда кызмат автоматтык түрдө активдештирилет. Каалаган учурда Абонент "Баарлашуу" ТПны компаниядагы ТПны алмаштыруунун стандарттуу шарттарында жеке кабинет аркылуу компания сунуш кылган башка ТПга алмаштыра алат.
* "Чексиз 190" ТП алкагында — "Ишеним кредити" кызматы көрсөтүлбөйт. "Ишеним кредити" кызматын жаңы тандалган ТПнын "Баарлашуу" ТПнын биринчи төлөнгөн мезгилинен кийин гана пайдаланууга болот. Байланышка, сунушка ылайык, жеке жана юридикалык жактар катыша алышат.
* "Чексиз 190" ТПга тесттик мезгил берилбейт.
* Абонент кошуу комплектин кайтарып берген учурда Комплект сатып алынган күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде абонентке комплекттин толук наркы кайтарылып берилет. Мында Комплект толук комплектте, таңгакта, бардык документтери менен, USIM-карта "Чексиз 190" ТП активдештирилбеген "рубашка"( USIM-карта үчүн пластикалык негиз) менен бирге болууга тийиш. Эгерде абонент бул шартты сактабаса комплекттин наркы толук өлчөмдө кайтарылбайт, жабдуунун наркы сим-картанын наркын алып салгандан кийин 190 сом өлчөмүндө кайтарылып берилет. Абонент таңгакты, комплектөөнү бузган учурда, акча каражаттарын кайтаруу тиешелүү түрдө сакталган бөлүгү үчүн гана жүргүзүлөт.