saima logo
RU KG
БЕЛЕККЕ 4G модем

БЕЛЕККЕ 4G модем

21.05.2015

Жогорку ылдамдыктагы Saima4G интернетине туташууну каалагандар үчүн жагымдуу сюрприз –4G модемдери болгону 1990 сомго!

Saima4G модемдеринин ыңгайлуу баасы, жогорку сапаты жана ишенимдүүлүгү – бул дароо азыр модем сатып алып, жогорку ылдамдыктагы Saima4G интернетин кошуп алуу үчүн эң сонун шылтоо!

Модем менен топтом ичинде Абонентке «Геймер-Box» тарифтик планы каралган сим-карта берилет. Тариф онлайн-оюндарды ойноо, жаңы фильмдерди көчүрүү, Интернет аркылуу радио угуу, видео-роликтер жана фотосүрөттөрдү жиберүү  менен көп убактысын Интернет желесинде өткөргөн колдонуучуларга арналган. Күндүз интернетке туташуунун ылдамдыгы   3,5Мбит/с чейин, ал эми түнкүсүн - чектөөсүз. Мында алынган жана жиберилген маалыматтардын көлөмү боюнча эч кандай чектөө жок.

Акцияга төмөнкү моделдер катышат:
1) Saima LTE модеми
Топтомдун баасы (модем + 30 күндүк «Геймер-Box» ТП менен сим-карта) 3290 сом

2) Saima LTE Wi-Fi модеми
Топтомдун баасы (модем + 30 күндүк «Геймер-Box» ТП менен сим-карта) 4290 сом

Saima4G түйүнүнөн 4G модем менен зымсыз Интернет колдонуу абдан оңой жана пайдалуу. Модемди компьютерге кошуп, программалык камсыздоонун автоматтык түрдө орнотулушун күтүп туруңуз, бир-эки мүнөттөн кийин Интернет мейкиндигинде болосуз.

Шашылыңыздар, акция 2015-жылдын 30-майына чейин гана уланат!

Модемди Чүй пр., 111А (Алма-Ата көч.кес.) дарегинде жайгашкан  «SAIMA TELECOM» сатуу жана тейлөө кеңсесинен жана ЦУМ «Айчүрөк» СБдан сатып алууга болот.