Трафикти адилет пайдалануу саясаты
10.03.2017
Урматтуу абоненттер!
Кардарлардын Интернет тармагына ыңгайлуу кирүүсүн камсыз кылуу максатында биз трафикти "Акыйкат пайдалануу саясатын" (Fair Use Policy) колдонобуз. Эгерде эсептешүү мезгилинин ичинде (абоненттик төлөм акыркы алынган күндөн тартып) абонент Интернет кызматын кыянаттык менен пайдаланса жана компаниянын башка абоненттерине ыңгайсыздык жаратса, система интернетке кирүү ылдамдыгынын артыкчылыгын кийинки абоненттик төлөм алынганга чейин (эсептешүү мезгилинин аягына чейин) төмөндөтөт. Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тартып интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Бул саясаттын алкагында, p2p байланыш ылдамдыгы чектелген жана башка интернет ресурстарына жетүү ылдамдыгынан айырмаланышы мүмкүн. Бул ыкманын артыкчылыгы түйүндүн ресурстары бардык абоненттердин ортосунда тең бөлүштүрүлөт жана Интернет сервистерин пайдалануу учурунда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык берилет.
Урматтоо менен,
Сиздин оператор Saima Telecom