saima logo
RU KG
Маанилүү маалымат

Маанилүү маалымат

15.12.2023

Кымбаттуу биздин компаниянын абоненттери жана өнөктөштөрү!

Биз Сиздерге 2023-жылдын 15-декабрынан баштап жаңы жетекчибиз – Касымбеков Болот Жайнакович кызматка киришкендигин кабарлайбыз.
Болот Жайнакович телекоммуникация чөйрөсүндө баа жеткис башкаруу тажрыйбасы, чексиз энтузиазмы жана бизнестин, коомдун жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын орундатуу балансын камсыздоочу инновацияларга умтулуусу менен белгилүү. Жетекчибиздин кызматка келиши компаниябызды туруктуу өнүктүрүүгө жана сервистери менен кызматтарыбызды мыктылоого умтулуубузду чагылдырат.
Болот Жайнакович өзүнө көрсөткөн ишенимибиз үчүн терең ыраазычылыгын билдирүү менен, компаниянын мурунку жетекчилиги белгилеген ийгиликтүү иш-аракеттерди андан ары улантып кетүүгө убада берет.
Биз бул өзгөрүүлөрдүн компаниябыздын жаңы бийиктиктерге жетүүсүнө жардам бере турганына терең ишенебиз, Болот Жайнакович менен биргелешкен ишибизди чыдамсыздык менен күтөбүз жана жетекчибизге кесиптик жолунда албан-албан ийгиликтерди каалап кетмекчибиз!
Бизге көрсөткөн ишенимиңиздер жана кызматташтыгыңыздар үчүн Сиздерге ыраазычылык билдиребиз.

Терең урматтоо менен,
Saima Telecom!