Компаниянын тарыхы
«SAIMA TELECOM» интернет-провайдери – Кыргызстандын байланыш кызматтарынын алдыңкы катардагы сатуучуларынын бири
1997-жылы Бишкек шаарынын аймагында таксофон телефониясынын оператору катары ишмердүүлүгүн баштаган
2002-жылы кызматтардын түрлөрүн көбөйтүп, интернет-провайдердин кызматтарын көрсөтүү үчүн дайындуу түйүн ишке киргизилген
2003-жылдын 6-ноябрында Компания, телекоммуникациялык кызматтардын толук спектрин көрсөткөн операторго айланып, аталышын «SAIMA TELECOM» деп өзгөртөт.
2011-жылы Кыргызстанда биринчи жолу LTE технологиясы боюнча 4-муундагы жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет иштей баштаган.
2020-жылы Кыргыз Республикасынын тарыхында алгачкы ирет була-оптикалык түйүндөрдүн ири масштабдуу курулуштарынын бири старт алган. 1 жылдын ичинде Бишкек шаарынын Түштүк кичи райондорунун баары була-оптикалык түйүн менен толук камсыз кылынган.
Бул жылдар аралыгында компания өсүп-өнүгүүгө бир топ каражат жумшады. Натыйжада өлкөдөгү эң ири гана эмес, эң жогорку технологиялуу була-оптикалык түйүндү пайда кыла алды.
Бүгүнкү күндө «SAIMA TELECOM» – эң ири улуттук интернет-провайдер. Компания Кыргызстандын ири шаарларында гана эмес, алыскы аймактарында да дайындуу жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик кызматтарды көрсөтүп келет.
Компаниянын жамааты күн сайын камтууну кеңейтүүнүн жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берген кызматтардын сапатын жакшыртуунун үстүнөн иш алып барат.
Интернеттин 600 мбит/с чейинки ылдамдыгы – SAIMA TELECOM’дон Кыргызстандын рыногу үчүн уникалдуу сунуш.
220дан ашуун каналы жана 7 кинотеатры менен телевидение бардык абоненттер үчүн көңүл ачуулар жана билим дүйнөсүнө эшик ачат.
«SAIMA TELECOM» булар менен гана чектелбестен, өлкөнүн ар бир жараны үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу менен алдыга карай умтулууну уланта бермекчи.