Эмне себептен интернет иштебей жатат?
31.10.2023Интернет иштебей калса эмне кылыш керек?
Роутердин ырастоолоруна кирерден же байланыш операторуна чалардан мурун көйгөйдү чечүүнүн жөнөкөй ыкмаларын колдонуп көрүңүз:
Зымдын туташуунун бардык чекиттерине: onu түзүлүшкө, роутерге, компьютерге туура кошулганын текшериңиз.
Индикаторлор түзүлүштүн статусун жана анын айрым функцияларын көрсөтүп турат. Баары ойдогудай иштеген учурда, жарыктары туруктуу күйүп же жашыл түс жанып-өчүп турат.
Эгерде интернетке кирүүдө көйгөй жаралса, жабдуунун лампочкасын карап көрүңүз – кандай абалда экенин жана кандай түстө күйүп жатканын байкаңыз.
1. ONU/ONT оптикалык модемиңиздин күйүп турган лампочкаларына көңүл буруңуз
Индикатор | Сыпаттама |
Power/PWR (Кубаттоо) | Жашыл жанып турат: Түзүлүштүн кубаттоосу күйүп турат. Жанбаса: Түзүлүш өчүк же түйүндө кубаттоо жок. |
PON | Жашыл жанып турат: Түзүлүш туура иштеп жатат. Жашыл жанып-өчсө: Түзүлүш оператор тарабынан катталып, синхронизацияланып турат. Жанбаса: Түзүлүш синхронизацияланган жок. |
LOS | Кызыл жанып турат: Оптикалык модуль түзүлүшкө кошулган эмес. Жанбай турса: Түзүлүш туура иштеп жатат |
LAN | Жашыл жанып турат: Ethernet технологиясына кошулган, түзүлүш туура иштеп жатат. Жашыл жанып-өчсө: Ethernet маалыматтары берилүүдө. Жанбаса: Ethernet кошулган эмес же активацияланган жок. |
Жогоруда тизмектелген индикаторлордун баары иштеген абалда (PON жана POWER – жанып турат, LOS – жанган жок, LAN – жанып же жанып-өчүп турат), бирок интернет иштеген жок:
- Балансыңызды текшериңиз, ал оң мааниде болушу керек.
- Жабдууну өчүрүп, кайра күйгүзүңүз: бардык жабдуулардын кубаттоо блокторун розеткадан ажыратуу аркылуу аларды өчүрүңүз. Индикаторлордун баары өчкөнүн текшериңиз. 20-30 секундадан кийин бардыгын күйгүзүңүз.
2. PON индикаторлору
- PON индикатору дайыма жашыл түстө жанып турат – модем оператордун жабдуусуна катталуу процессин ийгиликтүү аяктады.
- PON индикатору жанган жок же жанып-өчүп турат.
Болжолдуу себептер:
- Сиздин батириңизге/үйүңүзгө тартылган оптикалык кабель модемдин PON портуна кошулган эмес. Эгер кабель кошулган болсо, аны ONU/ONT модеминен ажыратып, кайра туташтырып көрүңүз. Кабелде физикалык жабыркоолордун же катуу ийилген жерлердин жок экендигин текшериңиз.
- Эгерде индикатор дайыма жанып-өчүп турса (2-3 мүнөттөн ашык) – түзүлүш кандайдыр бир себептерден улам оператордун жабдуусуна каттала албай жатат.
3. LOS индикатору

- Индикатор жанбай турат – ONU/ONT туура иштеп жатат.
- Индикатор кызыл түстө жанып/жанып-өчүп турат:
Линиядагы үзүлүү
Бул көп учурда сигнал жоголуп, колдонуучуда LOS индикаторунун жанып калуусунун/жанып-өчүүсүнүн негизги себеби болуп саналат.
Үйүңүзгө/батириңизге өткөрүлгөн оптикалык кабелдин бүтүндүгүн текшерүү зарыл. Балким ал көчөдөгү бактарды кыюунун, жүк ташыган унаалардын өтүүсүнүн ж.б. натыйжасында үзүлүп калган же катуу ийилип калган.
Оптикалык пигтейлдин зыянга учурашы
Оптикалык пигтейл — бул учунда жашыл же көк коннектору бар сары кабель. Кабель үйүңүзгө/батириңизге өткөрүлгөн негизги кабелден келет. Эгер ал зыянга учураган болсо, өз алдынча калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Ага атайы ширетүүчү аппарат талап кылынат. Эгерде SC коннектор сынып калса – ушундай эле жагдай болот.

Оптикалык кабель зыянга учураганда, сигнал жоголуп кетиши ыктымал. Мындай учурда роутердеги LOS кызыл түстө жанып калат.
TP-link TL-WR844N роутери
Индикатор | Сыпаттама |
Интернет | Жашыл жанып турат: Маршрутизатор/WSIP режими: Интернет жеткиликтүү. Кирүү чекитинин режими: WAN порту кошулган. Диапазон кеңейткичинин режими: Маршрутизатор хост-түйүнгө кошулган. Жашыл жанып-өчүүдө: Система ишке киришүүдө же прошивка жаңыланууда. |
Кызгыл сары жанып турат: Маршрутизатордун режими: WAN порту кошулган, бирок Интернет жеткиликтүү эмес. Кирүү чекитинин режими: WAN порту кошулган эмес. Диапазон кеңейткичинин режими : Маршрутизатор хост-түйүнгө кошулган жок. WISP режими: Интернет жеткиликтүү эмес. Кызгыл сары жанып-өчүүдө: WAN порту маршрутизатор режиминде кошулган эмес. | |
LAN | Жашыл жанып турат: Жок дегенде бир LAN порту кошулган. Жанбай турат: Бир дагы LAN порту кошулган эмес. |
Wi-Fi | Жашыл жанып турат: Зымсыз байланыш функциясы күйүп турат. Жашыл жанып-өчүүдө: WPS-туташуу жүрүп жатат. Бул 2 мүнөткө чейинки убакытты алышы мүмкүн. |
Эгерде жогорудагы кеңештер сизге жардам берген болсо, бизге жазыңыз:
• 0708 909 000 номерине чалыңыз же WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз (операторлор күнү-түнү иштешет).